Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:51

Иранга каршы сокку уланып, бир катар объектилер бутага алынды

АКШ аскерлери. Архив сүрөт.
АКШ аскерлери. Архив сүрөт.

АКШ 18-июлда Иранга каршы соккулардын кезектеги толкуну аяктаганын билдирди. Чабуулдар жети күндөн бери уланууда.

"АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) байкоо объекттерине, аскердик логистикалык инфраструктурага, жер астындагы курал-жарак кампаларына жана деңиз мүмкүнчүлүктөрүнө сокку урду. Америкалык аскерлер башка каражаттардан тышкары кыргын салуучу жана учкучсуз учактарды, согуштук кемелерди колдонушту", - деп айтылды мекеменин X баракчасындагы билдирүүсүндө.

Буга чейин ирандык басылмалар америкалык аскерлер кеминде эки көпүрөнү жана бир туннелди аткылаганын кабарлашкан. Жаңылыктар агенттиктери чабуулдар үч адамдын өмүрүн алгандыгын билдиришкен, бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыктай элек.

Kpler аналитикалык компаниясынын маалыматы боюнча, дүйнөлүк мунай жана газдын 20% жакынын өткөргөн Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин жүрүшү, атышуу кайра башталгандан кийин дээрлик толугу менен токтоп калды.

АКШ менен Иран 17-июнда согушту токтотуу жана Ормуз кысыгындагы блокаданы алып салуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Бирок 25-июнда ирандык жанкечти дрон Ормуз кысыгы аркылуу өтүп бара жаткан жарандык танкерге чабуул жасаган. Буга жооп катары АКШ Ирандын аймагына бир нече сокку урган.

8-июлда Анкарада өткөн НАТО саммитинде сүйлөгөн сөзүндө АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум мындан ары күчүндө эмес экенин билдирген.

Ал эми 13-июлда АКШ Ормуз кысыгын өз көзөмөлүнө алганын айткан. Кийинчерээк Трамп Тегеран кепке келбесе, Ирандагы электр станцияларына жана көпүрөлөргө чабуул коюлушу мүмкүн экенин эскерткен.

АКШ Иран өзүнүн өзөктүк программасын чектеши керек деп эсептейт, Иран бийлиги болсо бул программасы жай турмуш максаттарын көздөгөнүн кайталап келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG