Кыргыз-кытай “Алтынкен” ишканасы тоо бооруна жазылган кытайча жазууну өчүрөрүн билдирди

Кыргыз-кытай биргелешкен “Алтынкен” ишканасы жана анын жанында тоого жазылган эки тилдеги жазуу.

Чүй облусундагы кыргыз-кытай биргелешкен “Алтынкен” ишканасы соңку талкууларга байланыштуу өзү жайгашкан жердеги тоо бооруна жазылган эки тилде жазылган ураанды алып салуу боюнча иштерди баштады. Бул тууралуу аталган компания Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

“Бул жазуу 2015-жылы ошол учурдагы бийликтин талабы менен экологияны сактоого чакырык катары жазылган. Ал учурда ишканада жергиликтүү жарандар менен катар Кытайдан келген адистер да эмгектенгендиктен, чакырык эки тилде берилген. Анын мааниси бирөө гана – кен байлыкты өндүрүү менен бирге жаратылышты, тоолорубузду жана сууларыбызды сактоо. Бул жерде эч кандай саясий маани жок, бул ар бир кызматкерди жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөгөн экологиялык чакырык. Ал кезде кызматкерлердин 60 пайызга жакыны Кытайдан келген адистер болсо, бүгүнкү күндө биздин кызматкерлердин 95 пайызын Кыргызстандын жарандары түзөт”, – деп билдирди компания.

Мунун алдында социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Кеминдеги кендердин биринде тоолорго кытайча жазуу жазылганын сынга алып, анын Goolge картадагы сүрөтүн жарыялаган. Бул коомчулукта талкууларды жараткан.

Чүй облусунун Кемин районунун Орловка айылында жайгашкан “Алтынкен” ишканасы 2006-жылы негизделип, 2015-жылы Кытай менен биргеликте түзүлгөн. Учурда Кыргызстандын андагы үлүшү 40%, калган 60% кытайлык компанияларга таандык.

2021-жылы да аталган ишканага байланыштуу сын-доомат айтылып, нааразылык чыккан. Андан сырткары “Алтынкенден” алтын кошулмаларынын Кыргызстандан сыртка ташылышы тууралуу маселе көтөрүлүп, депутаттык комиссия түзүлгөн.

Беш жыл мурдагы маалыматка ылайык, ишканада жалпысынан 1077 адам иштечү жана алардын 94% Кыргызстандын жарандары болгон. (ErN)