Одессанын портунда дан тарткан кемеге сокку урулуп, 10 киши каза болду

Орусиянын соккусуна кабылган жарандык кеме. 19-июль, 2026-жыл

Орусиянын армиясы Гвинея-Бисаунун желеги алдында дан тартып бараткан Golden Leо кемесине сокку урду.

Бул тууралуу Украинанын калыбына келтирүү, инфраструктура жана транспорт министри Николай Калашник билдирди.

Анын маалыматына караганда, кеме жүгөрү жүктөп, Одессанын портунан чыгып баратканда соккуга кабылган.

Андан он киши каза тапканын Украинанын деңиз порттору администрациясы билдирди. Өлгөндөрдүн арасында украиналык лоцман бар. Калашниктин айтымында, бортто лоцмандан тышкары Сирия жана Индиянын жарандарынан турган экипаждын 18 мүчөсү болгон.

Дагы караңыз

"Орусиядан күйүүчү май ташуу дээрлик токтоду". Кыргызстанда бензин тартыш, баасы кымбат Кыргыз-кытай “Алтынкен” ишканасы тоо бооруна жазылган кытайча жазууну өчүрөрүн билдирди