Кытай Кыргызстанга күйүүчү майдын биринчи топтомун жөнөттү

Мунай менен күйүүчү-майлоочу май сактоочу кампалар жана цистерналар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдө берген убадасынын негизинде күйүүчү-майлоочу майдын биринчи топтомун Бишкекке жөнөттү. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков 21-июлда Кыргызстандын энергетика тармагындагы соңку кырдаал боюнча өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

“Кытай менен сүйлөшүүлөрдө жакшы чечимдер болду, келишимдер кабыл алынды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өзү атайын делегация менен коңшу өлкөгө барып, күйүүчү майдын көлөмүнө, убактысына жана башка нерселерине байланыштуу макулдашууларга жетишти. Тиешелүү макулдук алып келди. Кытай тарап иш жүзүндө биринчи партияны жөнөтүштү, биз азыр анын логистикасын уюштуруп жатабыз. Кытай менен автоунаа жолу аркылуу автотранспорт менен гана жүк ташуу бар эмеспи, ошондуктан бул бир аз убакытты талап кылат экен. Жүктү өткөн аптада жөнөтүшкөн. Министрлер кабинетинин төрагасы тиешелүү органдарга, анын ичинде Транспорт, Энергетика министрликтерине, Бажы, Салык жана башка кызматтарына товарды Кыргызстанга эч кандай тоскоолдуксуз киргизүүнү тапшырган. Бул багытта иштер алып барылууда”, – деди ал.

Алтынбек Рысбеков Кытай жалпы канча көлөмдө күйүүчү-майлоочу май берүүгө макул болгонун, биринчи топтомдо анын канчасын жөнөткөнүн тактаган жок.

Министр буга чейин кабарлангандай Беларустан да күйүүчү-майлоочу май ташып келүү иштери жүрүп жатканын белгилеп, Орусия менен транзит маселеси чечилгенин билдирди. Ал Өзбекстандан жана Казакстандан да оң жооптор болгонун кайталады.

Кыргызстандын Мунай ташуучулар биримдиги 20-июлдагы маалыматында, орус жергесиндеги дрондордун чабуулуна кабылган мунай иштетүүчү заводдордогу соңку кырдаалга байланыштуу Орусиядан Бишкекке мунай ташуу дээрлик токтогонун маалымдаган. Уюмдун президенти Канатбек Эшатов “Азаттыкка” курган маегинде ал жактан дизел отуну анча-мынча көлөмдө келип жатканын, ал эми АИ-92, АИ-95, АИ-98, АИ-100 тобундагы бензини боюнча сунуштар жокко эсе экенин билдирген.

Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 18-июль күнү кескин кымбаттап, 98 сомдон 109,9 сомго көтөрүлгөн. Ага чейин бензиндин бул түрү социалдык маанилүү товарлардын тизмегинен чыгарылган эле.

Украинага кол салган Орусиянын мунай өндүрүүчү заводдоруна акыркы айларда украин дрондорунун чабуулдары күчөп, бир катар ири ишканалар өрттөндү. Июнда да, июлда да бир нече завод аткылоого кабылды. Буга байланыштуу базарда күйүүчү-майлоочу май өндүрүү кыскарып, бензин жана дизел тартыштыгы жаралган. Айдоочулар май куюучу жайларда узун кезекке туруп калды.

Күйүүчү-майлоочу майды негизинен Орусиядан ташып келген Кыргызстандын өкмөтү абалды жөнгө салып, бензин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн күйүүчү май ташыган жана саткан ишканаларга убактылуу субсидия бере баштаган. Өкмөт мунайды жана күйүүчү майды Кыргызстандан сыртка чыгарууга тыюу салган.

Кыргыз бийлиги бир нече өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын, Беларус менен Кытай ишкекке күйүүчү-майлоочу май сатууга макулдук бергенин билдирген. Кийин Өзбекстан да Кыргызстанга май сатууга оң жооп бергени айтылган.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (ErN)