Орусиянын Сумыга чабуулу: Көп кабаттуу үйгө дрон түштү, соода борбор өрттөндү

Сумыга соккунун кесепетинен алты киши жабыркадаы. 21-июль, 2026-жыл

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын (ГСЧС) маалыматына караганда, Сумыда Орусиянын дрону көп кабаттуу үйгө тийип, биринчи кабатта өрт чыкты.

Окуянын натыйжасында алты адам жаракат алган, алардын төртөө балдар.

Ошондой эле соода борбору да чабуулга кабылып, өрт чыкканын куткаруучулар билдиришти.

"Куткаруучулар өрттү өчүрө баштаганда душман кайрадан сокку урду. Чабуулдардун кесепетинен кызматтык автоунаа талкаланып калды. Куткаруучуларын машинесине да зыян келтирилди", – деп айтылат билдирүүдө.

Харьков шаарында Немышлянск районунда жер тамга сокку урулуп, өрт чыккан.

Таңкы чабуулдун натыйжасында беш адам жабыркаган, алардын арасында 12 жаштагы бала бар.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик аба күчтөрү билдиргендей, түн ичинде орусиялык аскерлер Украинага 58 дрон менен чабуул койгон. Алардын 46сы атып түшүрүлгөн. Ал эми сегиз дрон жети жерге түшкөн.

Дагы караңыз

Кытай Кыргызстанга күйүүчү майдын биринчи топтомун жөнөттү"100 млн рублга чейин жоготтук". Wildberries кампасындагы өрттө зыян тарткан кыргызстандык ишкерлер