Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:07

"100 млн рублга чейин жоготтук". Wildberries кампасындагы өрттө зыян тарткан кыргызстандык ишкерлер

 Кыргызстандык ишкерлер Элиана Истамова (солдо) жана Айгерим (оңдо). "Азаттыктын" коллажы
Кыргызстандык ишкерлер Элиана Истамова (солдо) жана Айгерим (оңдо). "Азаттыктын" коллажы

Орусиянын Wildberries маркетплейси аркылуу кийим-кечек сатып иштеген кыргыз ишкерлери өкмөткө кайрылып, миллиондогон рублдик товарлары дрон чабуулунан кийин өрт чалган кампада калганын билдирип чыкты. Азырынча чабуулдан кийинки өрттөн келтирилген чыгымдар тактала элек.

Кыргызстандык 700дөн ашуун киши Телеграмда атайын топ ачып, юристтер менен иштешип жатканы маалым болду. Бул тайпадагылардын басымдуу бөлүгү товарлары Электросталдагы кампада болгонун билдирип жатышат.

Буга чейин Электросталдагы Wildberries компаниясынын кампасындагы өрттө документтери калып кеткенин билдирип, кыргызстандык бир нече жаран элчиликке кайрылганы маалым болгон. Каза тапкан жана жаракат алгандар арасында кыргызстандыктар жок.

Кыргызстандык ишкер Элиана Истамова эки жылдан бери Wildberries менен иштеп, кийим сатчу.

"Негизинен аялдардын кийимин сатчумун. Акыркы жолу кышында иштеп жатканда товарларымдын көбүн Электросталдагы кампага даярдап салып койгом. Себеби Дордойдо мектеп сезону башталганда Wildberries'ке алаксыбайын дегем. Калган бир бөлүгү Коледино кампасында болчу. Азыр ал жакка да дрон менен чабуул болуп жатыптыр. Кечээ толук эсептеп чыксам, жеке өзүмдүн чыгымым 9 миллион сомго жетиптир. Мындан тышкары биздин үй-бүлөдө дагы Wildberries'те иштегендер бар. Баламдын, башка туугандарыбыздын товарлары да ошол кампада болчу. Өзүмдөн тышкары уулум менен кызым дагы селлер. Андан сырткары Дордойдогу көп кесиптештерим да ушул тармакта иштейт. Азыр эле телефон аркылуу сүйлөштүк. Көпчүлүгүнүн товарлары Электросталдагы кампада калган. Себеби ал эң негизги борбордук кампа болгондуктан, товарларыбыздын көбүн ошол жакка жөнөтчүбүз. Балдарымдыкы да ошол жакта болчу. Онлайн соода өнүгүп жатат деп аларды дагы ушул ишке аралаштыргам. Кызым жакында эле чоң партия товар киргизген. Азыр анын чыгымын эсептеп жатабыз. Миллиондогон сом болуп жатат".

Электросталь шаары. 18-июль, 2026-жыл
Электросталь шаары. 18-июль, 2026-жыл

Истамованын айтымында, Wildberries компаниясы дрон чабуулунан кийин 10 11 күн мурда 7-июлда жаңы офертаны ишке киргизген. Анда кандайдыр бир чабуул болсо компания кампадагы товарларга жооп бербей турганы жазылган:

"Wildberries жаңы оферта чыгарып, согуштук аракеттер же дрон чабуулу болсо товар үчүн жооп бербей турганын көрсөткөн. Жеке кабинетке кириш үчүн биз кааласак да, каалабасак да "макулмун" деген баскычты басууга аргасыз болдук. Болбосо иштей албай калмакпыз. Мен буга макул эмесмин. Себеби мен товарларымды мурдагы шарттар менен киргизгем. Ал учурда товарлардын сакталышы үчүн Wildberries өзү жооп берет деп көрсөтүлгөн. Ошол 9 миллион сомдук товарлар дал ошол шарт менен жөнөтүлгөн. Биз компенсация берилиши керек деп эсептейбиз. Азыр юристтер менен иштеп жатабыз. Жалгыз өзүбүздүн күчүбүз жетпей жатат. Товарларды чыгарып кетүүгө аракет кылып, такыр жетишпей калдык. 7-июлда оферта чыкты. Биз күн сайын кабинетке кирбейбиз да. Бир-эки күндөн кийин гана кирип, аргасыздан макул болуп, кол койдум. Андан кийин товарларды арзандатып, сатылганын сатып жиберүүгө аракет кылдык. Бирок кампадан алып чыгууга жетишпей калдык. Тапкан акчабыздын көбүн ошол товарларга жумшаганбыз".

Электросталь, 18-июль, 2026-жыл
Электросталь, 18-июль, 2026-жыл

Элиана жалгыз бой, көп балалуу эне экенин айтып, кампадагы товарлары үчүн компенсация алууга үмүттөнүп отурат. Азыр ишкерлер Кыргызстандан да юристтерди тартып, маселенин оош-кыйышын талкуулап жатышат.

Атын атагысы келбеген дагы бир кыргызстандык ишкер мындай маалыматтар менен бөлүштү:

"Мен Wildberries'те 2023-жылдан бери аялдардын кийимдерин сатып келем. Ошол убактан бери Wildberries'те иштеп, анын жакшы-жаманын көрдүк. Башында чыгымга да учурадык, бирок бара-бара платформанын өзгөчөлүктөрүн үйрөнүп, товарды туура жөнөтүүнү, туура сатууну өздөштүрдүк. Акыркы убакта товарларымды негизинен Электросталь кампасына жөнөтө баштагам. Себеби жүк ташуучу компаниялар бизге кайсы кампага жөнөтөрүбүздү тандоого мүмкүнчүлүк берчү. Алар "Электросталь товарды жакшы кабыл алат" деп сунушташкандыктан, акыркы товарларымдын баарын ошол жакка жөнөттүм. Быйыл эле 2 миңден ашуун товар киргиздим. Баарын Электросталь кампасына жөнөткөм. Алардын бир аз бөлүгү сатылып кеткен, ал эми калганы ошол кампада калган. Кампадагы окуя тууралуу укканда аябай тынчсыздандык. Себеби, бардык эмгегибиз, акчабыз ошол жерде эле. Бул товарларды чыгаруу үчүн кездемелерди карызга алганбыз, кредиттерибиз да бар. Эки айлык баламды эмизип жүрүп товар даярдап, жөнөтүп иштедим. Кош бойлуу кезде да иштегем. Биздин негизги өтүнүч - товарларыбыздын күйгөн-күйбөгөнү тууралуу так маалымат алуу. Азыр белгисиз абалда турабыз. Жеке кабинетте товарлардын статусу "по пути" деп эле көрсөтүлүп турат. Колдоо кызматына кайрылсак, "тактап жатабыз" деген жооптон башка маалымат бере элек. Ошондуктан күтүп жатабыз", - деди ал.

Учурда Телеграмда жабыркаган ишкерлердин тайпасында кыргызстандык 700дөн ашуун киши бар. Айгерим аттуу ишкерди да биз ошол тайпадан таптык. Алар Wildberries товарлар тууралуу ачык жана так маалымат бериши керектигин, эгер зыян келтирилсе, анын ордун толтурушу зарылдыгын талап кылып жатышат.

"Ар бир товардын артында бир үй-бүлөнүн эмгеги, карызы жана үмүтү турат. Менин чыгымым болжол менен 3 миллион сомдун тегерегинде. Биз негизинен товар сатуудан түшкөн каражатты кайра айлантып иштейбиз. Азыр бир миллион сомго жакын кредитибиз бар. Өзүбүздүн чакан тигүү цехибиз бар. Wildberries үчүн кийим тикчүбүз. Башка жактан буйрутмалар азайгандан кийин ушул онлайн соодага көбүрөөк басым жасай баштаганбыз. Бул окуя бизге абдан оор сокку болду. Азыр деле тигилип жаткан кийимдерибиз бар. Аларды башка жакка сатып жибере албайбыз. Айла жок, кайра эле Wildberries'ке жөнөтөбүз. Wildberries'те иштеген көп тааныштарым бар. Азыр баарыбыз бир нече Telegram топторунда байланышып турабыз. Мен азыр товарым эч нерсе болгон жок деп үмүт кылып жатам. Себеби менин товарларымдын статусу азырынча "по пути" деп турат. Балким, өрттөн мурда чыгып кеткендир деп күтүп жатам. Wildberries компаниясынын колдоо кызматы: "Баарын тактап жатабыз, бул татаал кырдаал. 30 күнгө чейин созулушу мүмкүн" деп эле жооп узатып жатышат", - деди Айгерим аттуу ишкер.

Ал тапта ишкерлер кирген Маркетплейс селлерлеринин ассоциациясы Wildberries компаниясынын жетекчилигине кайрылуу жолдоду:

"Биз, Кыргыз Республикасынын Маркетплейс селлерлеринин ассоциациясы, кампаңыздарда болгон өрт кырсыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз. Бул трагедия биздин селлерлердин арасында товарлардын коопсуздугу жана бизнестин келечеги боюнча олуттуу тынчсызданууну жараткандыктан, өрттүн кесепеттерин жоюу, келтирилген чыгымдарды баалоо жана ордун толтуруу тартиби, ошондой эле кыргызстандык сатуучулардын ишин үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча расмий маалымат берүүңүздөрдү суранабыз", - деп жазылган анда.

Мындан тышкары Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы Кыргызстандын өкмөтүнө, Экономика жана коммерция министрлигине кайрылып, кыргызстандык ишкерлерди колдоого, алардын кызыкчылыктарын коргоого чакырды:

"Биз, Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы, Wildberries логистикалык борборундагы өзгөчө кырдаалдан улам 700дөн ашуун ата мекендик ишкерлерди бириктирген топ түзүп, зыян тарткандардын маалыматын чогултуп жатканыбызды билдиребиз. Учурда айрым өндүрүүчүлөрдүн жоготуулары 1 миллиондон 100 миллион рублга чейин жетип, жеңил өнөр жайыбыздын абалына коркунуч туудурууда. Бул жагдайга байланыштуу, кыргызстандык экспорттоочулардын кызыкчылыгын коргоо, Wildberries компаниясы жана Орусия Федерациясынын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле зыянды баалоо жана компенсация төлөө маселелерин мамлекеттик деңгээлде координациялоо үчүн Экономика жана коммерция министрлигинен расмий колдоо көрсөтүүнү өтүнөбүз".

Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасындагы өрттө документтери калып кеткенин билдирип, кыргызстандык бир нече жаран элчиликке кайрылганын “Азаттыкка” билдирген. Анын сөзүнө караганда, учурда кампадагы өрт учурунда жабыркагандардын арасынан кыргызстандыктарды тактоо иштери уланууда.

“Элчилик тактоо иштерин улантып жатат. Элчиликке, документтери күйүп кеткен айрым жарандар кайрылышты”, - деген Кулукеева канча кыргызстандык жаран кайрылганын тактаган жок. Так маалымат кийинчерээк берилмекчи.

18-июлга караган түнү Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларындагы Wildberries маркетплейсинин кампаларына дрон тийген.

Акыркы маалымат боюнча Электросталда 61 адам жабыркаган, бири оорукада набыт болгон. Котовск шаарында түнкү кезметте иштеген жети адам каза болуп, 25 киши жабыркаган. Жалпысынан сегиз киши каза таап, 80ден ашууну түрдүү жараат алды.

Белгилүү болгондой, Электросталдын өзүндө көп кыргыз жарандары иштеп келген

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин өрттө документтеринен айрылган жарандарды элчиликке кайрылууга чакырган.

Москвадагы элчилик өрт каптаган кампаларда набыт болгондор тууралуу расмий тастыкталган маалыматта кыргыз жарандары жоктугун билдирген. Жеңил жаракат алган 21 жаштагы Ж. уулу А. ооруканага жаткырылып, абалы канааттандырарлык экенин кабарлады.

Буга чейин кампалардын биринде түнкү нөөмөттө иштеген 21 жаштагы кыргыз жараны О.А. дайынсыз экени тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк ал туугандары менен байланышып, жумуштан эрте чыгып кеткенин, телефону өчүп калганын айткан.

ТИМ Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүк документтерди тариздөө жана калыбына келтирүү боюнча көмөк көрсөтүүгө, тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр экенин билдирген.

Элчиликке өрт каптаган жерден чыгып кетүүгө үлгүргөн, бирок документтеринен жана жеке буюмдарынан ажыраган эки кыргыз жараны кайрылганы, аларга мекенге кайтуу күбөлүгү берилгени чабуул болгон күндүн эртеси таратылган расмий маалыматта айтылат.

Консулдук-укуктук жардам алуу үчүн кыргыз жарандары Москвадагы Большая Ордынка көчөсү, 64 дарегиндеги элчиликтин консулдук бөлүмүнө кайрылууга тийиш.

"Элчилик Электросталь шаарындагы кампада чыккан өрт боюнча бардык жагдайларды тактоо максатында Орусиянын тиешелүү органдары менен кызматташууда. Тамбов облусунун Котовск шаарында чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын бар же жок экендиги тууралуу маалыматты дагы тактоодо", - деп жазылган ТИМдин маалыматында.

Буга чейин Электросталдагы өрт чыккан жер курчоого алынып, кампада документи калып кеткен адамдар ичкери кире албай турганы белгилүү болгон.

18-июлда элчиликтин кызматкерлери жеринен кабар алуу үчүн Электросталь шаарына барганы кабарланган.

Wildberries компаниясынын башчысы Татьяна Ким жабыр тарткандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүүнү убада кылды. Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко Wildberries кампаларына кол салуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Москва жана Тамбов облустарындагы "логистикалык объектилерге" сокку урулганын ырастап, алар "дрон жана навигация жабдыктарын өндүрүү үчүн санкцияга кабылган тетиктерди жеткирүүдө колдонулганын" билдирген.



Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG