Британия Ирандын коркутуусуна жооп берди

Британиянын премьер-министри Энди Бернем

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) америкалык бомба таштоочу учактар британиялык базаны колдонбошу керек деп эскерткенден кийин Британия өкмөтү куралдуу күчтөрү өлкөнү коргоого даяр турганын билдирди.

23-июлда Сакчылар корпусу Кошмо Штаттар Англиянын түштүгүндөгү Fairford базасын пайдаланганын, Ислам жумуриятына каршы аракеттерде колдонулган жайлар “мыйзамдуу аскердик бута болуп саналарын” эскертти.

Мындай билдирүү өткөн аптада жаңы өкмөт башчы Энди Бернем Британия АКШга “жамааттык коргонуу үчүн” өз базаларын колдонууга уруксат берген келишимди улантары тууралуу кабардар кылгандан кийин жасалды.

Өкмөт ал макулдашууга Кошмо Штаттардын Ормуз кысыгындагы кемелерге кол салуу үчүн пайдаланылган ракета жабдууларына жана башка каражаттарга каршы коргонуу операциялары камтыларын белгиледи.

Ирандын коркутуусуна жооп иретинде британ өкмөтүнүн өкүлү: "Биздин куралдуу күчтөр аймагыбызда же чет жакта болобу, падышалыктын коопсуздугун камсыздоого даяр турат. Улуу Британия өзүн күнү-түнү коргойт”, - деп айтты.

Расмий Лондон ошондой эле эл аралык нормаларга ылайык элин, өзүнүн жана өнөктөштөрдүн кызыкчылыктарын коргоого ынтызарлыгын, кеңири жаңжалга кириптер болбоо аракетин көрөрүн кошумчалады.

17-июлда Британия Ислам революциясынын сакчылар корпусун өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан уюмдардын сап башына чыгарган.

Дагы караңыз

Украина эмне үчүн Wildberries'ти бутага алууда?"Чачын алган жок". Шаирбек Ташиев үч айдан бери ИВСте отурат Ала-Букада мөндүр аралаш жамгыр жаап, эгинге зыян келтирди