Киев аймактык аскердик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Руслан Олийник "25-июль Киев облусунда аза күтүү күнү. Киев облусу дагы бир орусиялык чабуулда курман болгондор үчүн башын ийип аза күтөт", - деп жазганын Би-би-Си кабарлады.
Маалыматка караганда, Украина бийлиги Киев облусундагы "менчик полигонго" урулган орусиялык ракеталык соккудан кеминде 10 адам каза болуп, дээрлик 100 адам жараат алды. "Шалаакылык" деген негизде кылмыш иши козголду.
Орусиянын Коргоо министрлиги сокку дрон сыноочу жайга багытталганын билдирди.
Украина коңшусу Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Соңку кезде украин бийлиги учкучсуз учактар өндүрүшүн күчөтүп, Орусиянын Украинага каршы сокку уруу дареметин жеринде алсыратуу аракетин көрүп жатканын айтууда.
Дагы караңыз
Евробиримдик Кыргызстандагы "ЭкоИсламикБанкка" санкция салдыАКШ Ормузда Ирандын портуна бараткан танкерди иштен чыгарганын билдирдиЖапаров чет өлкөлүк ишкерлерди Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого чакырдыБритания Ирандын коркутуусуна жооп берди