Энгельс аэродрому кайрадан бутага алынганы кабарланды

Энгельс аэродрому. 2025-жылы тартылган сүрөт.

Орусиянын кеминде эки аймагы 25-июлга караган түнү Украинанын дрон чабуулуна кабылганы кабарланууда.

Украина менен чектеш тилкеде жайгашкан Белгород облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Шуваев социалдык медиада украиналык дрондордун катуу соккусу тууралуу тараган көптөгөн маалыматтарды тастыктады.

«Айрым көчөлөр зыянга учурады, өрт чыгып жатат, аларды өчүрүү аракети көрүлүүдө. Атайын күчтөр ишин улантууда», — деп жазды Шуваев. Анын билдиришинче, жараат алгандар тез арада ооруканаларга жеткирилди. Шуваев жабыркагандардын санын айткан жок.

Украиналык Exilenova мониторинг каналынын маалыматы боюнча, Белгороддо логистикалык кампалар жана энергетикалык инфраструктуранын объектилери — "Южная" көмөкчордону жана "Луч" жылуулук электр станциясы жабыркады.

Ростов-на-Дону шаарындагы социалдык медиа колдонуучулары да калаага чабуул болгонун билдиришти. Мэр Александр Скрябин соккуларды тастыктады, бирок чоо-жайын айткан жок.

Жергиликтүү тургундар социалдык түйүндөргө өрт чалган жерлердин сүрөт-видеолорун жарыялап жатышат.

Өткөн түнү Саратов облусунун Энгельс шаарында да ири өрт чыкты. Exilenova долбоору өрт аскердик аэродромдун жанында жайгашкан бомбалоочу авиация дивизиясынын штабында тутанган деп эсептейт.

Жалпыга маалымдоо каражаттары 16-июлдун түнүндө ошол эле аэродромго учкучсуз учуучу аппараттын чабуулу болгонун жана Орусия Украинага каршы колдонгон Ту-95МС стратегиялык бомбалоочу-ракета ташуучу учагы жарактан чыгарылганын жазышкан.

Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушу башталгандан бери Энгельстеги аэродром бир нече жолу учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулуна кабылды.

Дагы караңыз

Киев облусу он өмүр кыйылган соккудан кийин аза күтүүдөReuters: Трамп менен Зеленский 28-июлда Вашингтондо жолугушатСумы жана Запорожье дрон чабуулуна кабылдыЕвробиримдик Кыргызстандагы "ЭкоИсламикБанкка" санкция салды