Токойдогу өрттөн улам Испания менен Францияда 270 миң киши эвакуацияланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Испаниянын бийлиги Мадридге жакын жердеги токойдогу өрттү чектөөгө алууга өрт өчүрүүчүлөрдүн "мүмкүнчүлүгү жетпей, өрт чектен чыгып жатканын” билдирди. Испания өкмөтү буга чейин өзгөчө кырдаал жарыялаган, ал эми Мадрид аймагынын жетекчиси Исабель Диас Аюсо азыркы кырсыкты "аймактын тарыхындагы эң катуу өрт" деп мүнөздөгөн.

Ошол эле учурда Франция менен Испаниянын 270 миң жашоочусу эвакуацияланганын Би-би-си жазды. Маалыматка караганда, өрт Мадриддин батыш четинен бир нече ондогон чакырым алыстыкта жайгашкан Робледо-де-Чавела жана Фреснедильяс-де-ла-Олива муниципалитеттерин көздөй жылып баратат. Ишемби эртең менен Авила провинциясынан 60 миңдей киши коопсуз жайга көчүрүлгөнүн Испаниянын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мадриддеги NASAнын космостук аппараттар менен байланышуусун камсыз кылган үч антенналык системанын бири болгон байланыш комплексинин иши өрткө байланыштуу токтотулду.

Мадриддин аймактык бийлиги түтүндөн улам аба булганганын айтып, жашоочуларды үйдөн чыкпай, терезе, эшиктерди ачпай турууга чакырды.

Францияда дагы абал оор экени айтылып, түнкү саат үчтө бийлик жети шаардын тургундарын, 60 миңдей кишини эвакуация кылууну тапшырды.

Дагы караңыз

Министр Баетов соңку алты жылда Кыргызстан Кытайдан карыз албаганын жаздыДрон чабуулунан кийин Тюмень мунай заводунда өрт чыктыУкраинада Орусиянын соккуларынан он чакты адам көз жумду Энгельс аэродрому кайрадан бутага алынганы кабарландыАкыйкатчыга жарым жылда кыйноо фактыларына байланыштуу 25 кайрылуу түштү