Чолпон-Атада Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт

Өзбекстандын маданий өкүлдөрү. 26-июль, 2026-жыл

Өзбекстандын маданият министри, эл артисти Озодбек Назарбеков коштогон чыгармачыл топ бүгүн, 26-июлда Ысык-Көлгө келди.

Аларды Тамчыдагы эл аралык аэропорттон маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов тосуп алды.

Коңшу өлкөнүн 200дөй чыгармачыл инсандарынын катарында Өзбекстандын эл артисттери Фаррух Закиров, Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова, Зулайхо Бойхонова бар.

Көрүүчүлөргө эки күн бою "Навбахор" жана "Тумор" бий ансамблдеринин өнөрлөрү жана Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестринин аткаруусундагы концерттик программа тартууланат.

Маданият күндөрүнүн ачылыш аземи 2026-жылдын 27-июлунда саат 19:00 Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий борборунда, жабылуу аземи 2026-жылдын 28-июлунда саат 19:00 Бостери айылындагы "Дордой Номад" аренасында өтөт. (ST)

Дагы караңыз

Токойдогу өрттөн улам Испания менен Францияда 270 миң киши эвакуацияландыМинистр Баетов соңку алты жылда Кыргызстан Кытайдан карыз албаганын жаздыДрон чабуулунан кийин Тюмень мунай заводунда өрт чыкты