Суусамыр жайлоосунда алтыганадан биожем даярдалып жатат. Практикалык эксперименттин жүрүшүндө бадалдар түбүнөн кыйылып, атайын техника менен майдаланып, кайра иштетилүүдө.
Бул илимий-тажрыйбалык долбоордун башкы максаты – деградацияга учураган жайытты калыбына келтирүү, мал чарбачылыгын сапаттуу тоют менен камсыздоону жакшыртуу жана малчылардын кирешесин көбөйтүү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги изилдөөлөрдү Борбор Азиянын Айлана-чөйрө экологиясы боюнча илимий-изилдөө борбору Кытай Илимдер академиясынын окумуштуулары менен биргеликте жүргүзүп жатканын билдирди.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, долбоор ийгиликтүү ишке ашса, 230 миң тоннага чейин жогорку сапаттагы алтыгана негизиндеги тоютту пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Соңку жылдары Суусамыр өрөөнүндө алтыгана деп аталган тикенектүү бадалдын өтө жыш өсүшү жайыттардын аянтын кыскартып, мал жаюуга ылайыктуу жерлердин тартыштыгын жараткан.
Бул маселеге бийлик 2016-жылы көңүл буруп, Жогорку Кеңеште токтом да кабыл алынган. Өкмөт атайын программанын негизинде алтыгананын химиялык жана механикалык жол менен жок кылуу үчүн экперимент жүргүзгөн.
Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери алтыгана жок кылынган жерлерди коко тикен өңдүү отоо, улуу, зыяндуу чөптөр басып кеткенин эскертишкен. Андан көрө бадалды тамыры менен казып барып Кумтөргө, башка кен казылган жерлерге, сел жүрүү коркунучу бар аймактарга отургузуу, курулушка пайдалануу, дары-дармек өндүрүү жана шыпыргы жасоо сунуштарын айтышкан.
Биологдор алтыгана жайыттын душманы эмес, тескерисинче аны коргой турган өсүмдүк экенин айтып келишет.
Алтыгана (лат. Caragana Fabr.) — чанактуулар түркүмүнө кирген тикенектүү бадал. Орто Азия, Кытай, Монголия, Жунгария, Кашкарияда кездешет. Кыргызстандын аймагында 14 түрү катталган. (ST)