Кыргызстанда гепатиттин вирустук В түрүнө каршы эмдөөнүн биринчи дозасын 446 319, экинчи дозасын 358 159, үчүнчү дозасын 250 534 адам алды.
Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору билдирди.
Маалыматка таянсак, быйылкы жылдын алты айында 235 миңден ашуун адам гепатиттин В түрүнө, 234 миңден ашуун адам гепатиттин С түрүнө, 20 миңден ашуун адам D түрүнө текшерүүдөн өткөн.
Ушу тапта В вирустук гепатити боюнча 6229 бейтап, В жана D вирустарынын ко-инфекциясы боюнча 3244 бейтап дарыланууда. Ал эми С вирустук гепатити боюнча 7541 бейтап дарыланып, алардын 6573 дарылоону ийгиликтүү аяктап, сакайган.
Саламаттык сактоо министрлиги жана Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору жарандарды вирустук гепатиттерге текшерүүдөн өтүүгө, эмдөө статусун текшерүүгө чакырды.
Өз убагында жүргүзүлгөн текшерүү ооруну алгачкы стадиясында аныктоого жана дарылоону кечиктирбей баштоого мүмкүндүк берет. В вирустук гепатитинен коргонуунун эң натыйжалуу жолу - бул эмдөө.
Гепатит – боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын А, В, С, Е жана D түрлөрү бар. А түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган формалары кан аркылуу жугат.
Гепатитти алдын алуу жана дарылоого мамлекет 2026-жылга 492 млн 460 миң сом бөлгөн.
Жугуштуу оорулардын жайылышын көзөмөлдөө департаментинин маалыматында, былтыр Кыргызстанда гепатитке чалдыккан 8555 бейтап катталган. Алардын 75и бул оорунун В тибине, 56сы С жана 9у D тибине чалдыккан.
Ушу тапта өлкөдө гепатиттин оор түрлөрү менен каттоодо тургандардын саны 32 миңден ашуун.
Кыргызстанда жыл сайын 28-июль - Вирустук гепатиттерге каршы эл аралык күнү белгиленип келет. (ST)
Шерине