АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскердик кампанияны күчөтүү пландарынан азырынча баш тартты. Буга америкалык аскер жетекчилери “Пэтриот” абадан коргонуу системалары үчүн ракеталардын жана Жакынкы Чыгыштагы башка абадан коргонуу каражаттарынын запасы түгөнүп калышы мүмкүн экенин эскерткени себеп болгон. Бул тууралуу The New York Times басылмасы Ак үйдөгү өз булактарына таянып жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, мындай чечим Трамптын башкы кеңешчилеры жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышкан жыйындан кийин кабыл алынган. Анда Трампка масштабдуу соккуларга Иран катуу жооп кайтарышы ыктымалдыгын айтышкан. Чыңалуу Иордания, Кувейт, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмирликтериндеги америкалык аскер базаларын коргогон ракеталарга кеткен чыгымды кескин көбөйтөрү айтылган.
Гезиттин маектештеринин айтымында, администрация жаңжалдын кесепеттеринен да кооптонууда. Перс булуңундагы АКШнын союздаш өлкөлөрү жаңжалга тартылып, энергия ресурстарынын баасынын дагы өсөт, экономикалык кризис тереңдеп, миграциялык басым күчөйт деген чочулоо бар. Андан тышкары, айрым америкалык аткаминерлер жаңы соккулар Тегеранды сүйлөшүүгө кайтарбайт деп эсептешет. Тескерисинче, мындай аракеттер Иран жетекчилигинин ички биримдигин бекемдеши мүмкүн экенин белгилешкен.
The New York Times басылмасынын маалыматына ылайык, апрелдин аягына чейин Пентагон баасы 4 миллион доллардан ашкан 1200дөн ашык “Пэтриот” коргонуучу ракетасын колдонуп бүткөн. Запаска байланышкан кырдаал дагы начарлап кеткен.
Трамп мындан ары да сокку урууга даяр экенин билдирип келгени менен, азыр Ак үйдө башка сценарий каралууда. Бул вариантты анын бир катар кеңешчилери, анын ичинде Жаред Кушнер колдойт. Планга ылайык, Иран менен сүйлөшүүлөрдү улантуу, ошол эле учурда экономикалык басымды жана санкцияларды күчөтүү сунушталып жатат.
Жаңы масштабдуу аскердик операциянын ордуна дипломатиялык жана экономикалык чараларга басым жасоо демилгеси көтөрүлүүдө.