Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:06

Wildberries "Баары СВО үчүн" бөлүмүн украин дрондорунун чабуулунан кийин өзгөрттү

Wildberries кампасына урулган соккудан кийин чыккан өрт. Санкт-Петербург, 24-июль, 2026-жыл.
Wildberries кампасына урулган соккудан кийин чыккан өрт. Санкт-Петербург, 24-июль, 2026-жыл.

Wildberries сайтында "Баары СВО үчүн" (Всё для СВО) бөлүмү көрүнбөй калды. "Аскердик багыттагы товарлардын мурункудай эле жеткиликтүү болгону менен башка категорияларга жайгаштырылган", - деп жазды The Moscow Times.

Бронежилеттер жана коргонуу шлемдери "Спорт" бөлүмүндө, ал эми FPV-дрондор жана алардын тетиктери "ТВ, аудио, фото, видео техника" категориясы менен сатылууда. Айрым товарлар дагы эле "СВОдо текшерилген" же "СВО аймагында колдонулат" деген белгилер менен коштолууда.

The Moscow Times басылмасынын маалыматында, буга чейин "СВО үчүн бардыгы" теги менен 200 миңден ашык товар бар болчу.

Өзгөрүүлөр украиналык учкучсуз учактардын Невинномысск, Санкт-Петербургга жакын Шушары, Новосаратовка жана Екатеринбургдагы Wildberries логистикалык комплекстерине жасаган чабуулдарынан кийин болду. Компания мындан кийин айрым кампалардын ишин убактылуу токтотуп, логистиканы кайрадан түзүүгө аргасыз болгон.

Муну менен катар Wildberries, Ozon, "Яндекс Маркет" жана "Мегамаркет" соода аянтчалары сатуучулар менен иштөө шарттарын өзгөрттү. 8-августта күчүнө кире турган жаңы эрежелерге ылайык товарлардын жоголушу же бузулушу аскердик аракеттердин, учкучсуз учактардын чабуулунун, курал-жарак колдонуунун, атуулардын же жарылуулардын кесепетинен болсо, маркетплейстерди алардын ордун толтуруп берүү милдетинен бошотот.

Буга чейин келишимдерде форс-мажордук кырдаалдар жөнүндө жалпы гана жоболор камтылган.

Wildberries кампаларына жасалган чабуулдардан кийин сатуучулардын бир бөлүгү кенемтелер жоголгон товарлардын наркынан кыйла төмөн болуп калганына жана маркетплейс сунуштаган колдоо чаралары чыгымды жаппаганына даттанышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG