Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылына карата 11 жылдык билим берүү жана 12 жылдык окуу мөөнөтүнө этап-этабы менен өтүүчү класстар үчүн окуу пландарын бекитти. Маалыматка караганда, 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи баскычында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстарда окуу процесси жаңыланган билим берүү программалары жана окуу-методикалык комплекстери менен жүргүзүлөт. Мындан тышкары, жаңы окуу жылынан тартып 8-класстарга жумасына 2 сааттык профилге чейинки компонент киргизилет.
3, 4, 9, 10 жана 11-класстарда окуу процесси "Чет тили" предмети боюнча (3–9-класстар) колдонулуучу окуу-методикалык комплекстеринен тышкары, 11 жылдык мектеп үчүн иштелип чыккан билим берүү программаларынын жана окуу-методикалык комплекстердин негизинде жүргүзүлөт.
Окуу пландарына ылайык, өлкөдө өткөрүлө турган ири мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларга байланыштуу республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2026–2027-окуу жылы 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт.
Жайкы каникул мезгили эсепке алынбаганда окуу жылынын узактыгы 1-класста – 32 жуманы, 2-класста – 33 жуманы, ал эми 3–11-класстарда 34 жуманы түзөт.
2026–2027-окуу жылындагы мектептик каникулдардын графиги:
- күзгү - 5 календарлык күн (2026-жылдын 11-15-ноябры, сабактар 16-ноябрда башталат);
- кышкы - 10 календарлык күн (2027-жылдын 1-10-январында, сабактар 11-январда улантылат);
- жазгы - 6 календарлык күн ( 3-8-март каникул күндөр, сабактар 9-мартта башталат);
- майдагы (майрамдык) – 9 календарлык күн ( 1-9-майга чейин, сабактар 10-майда башталат).
Мындан тышкары 1-класстын окуучулары үчүн мектептик каникулдар эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага кошумча узартылат.
Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана өлкөнүн эгемендигинин 35 жылдыгы ушул жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өткөрүлөт. (КЕ)