28-июлдун аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

Кыргызгидрометтин билдиришинче, 27-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, суу ташкыны болушу ыктымал.

28-июлда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 15…20°, күндүз 31…36°;

Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 11…16°, күндүз 29…34°;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 21…26°, күндүз 34…39°;

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 11…16°, күндүз 24…29°;

Нарын облусунда: түнкүсүн 8…13°, күндүз 27…32° болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 33…35° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнү 14…16°, күндүз 24…26° жетет.

Дагы караңыз

Солтон-Сары кенинин Бучук тилкесинде өндүрүш калдыктары жайытка тараганы аныкталдыМектептердеги окуу планы жана каникулдардын мөөнөтү бекитилдиҮй-бүлөлүк зомбулук: Жарым жылда ишеним телефонго 3,5 миңдей кайрылуу түштүБийликти сындаган активист Азамат Баяманов эки айга камалды