Жапонияда 28-июлдагы катуу жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 13кө жеткенин өлкөнүн премьер-министри Санаэ Такаити билдирди.
Кумамото префектурасындагы зилзаладан улам дээрлик 10 миңдей киши эвакуацияланган. 37 миңдей үй электр жарыгысыз калды.
Кюсю аралынын тереңиндеги силкинүүнүн магнитудасы 7,1ге жеткени маалым болгон.
Көпүрөлөр, имараттар талкаланды, 61 жолу кайталанган силкинүү (афтершок) катталды. Жергиликтүү бийлик жабыркагандардын санын тактоо иштери уланып жатат.