Орусиянын армиясы 30-июлга караган түнү Украинага жапырт сокку урду.
Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия 74 ракета (төртөө кемелерге каршы "Циркон"/"Оникс" ракеталары), Искандер-М/С-400/KN-23 үлгүсүндөгү тогуз баллистикалык ракета жана 284 дрон менен чабуул койду.
Баш калаа Киевдин мэри Виталий Кличко шаарга баллистикалык ракеталар менен сокку урулганын билдирди. Украин тараптын маалыматына караганда, андан бир киши каза таап, экөө жабыркады. Базарда соода күркөлөрү күйүп кетти, гараж кооперативинин аймагын өрт чалды.
Киев облусунда беш киши жабыркады, анын бири бала. Львовдо соккулардын кесепетинен эки турак жай талкаланды, 31 киши жабыркаганы кабарланды. Калаада 20дан ашуун үй, эки бала бакчага зыян келтирилди. Куткаруу операциялары уланууда.
Днепропетров облусунда Радушное кыштагында соккулардан алты киши өлдү, анын үчөө балдар. Сегиз киши ар кандай жараат алды. Бир киши оор абалда ооруканага жаткырылды.
Украин тарап кыштакка Орусиянын ракетасы тийгенин маалымдап жатат. Өзгөчө кырдаалдар кызматы тактагандай, кыштакта эки жер там толук талкаланып, бешөөнө зыян келтирилди. Урандылар алдында адамдар калган болушу мүмкүн, издөө иши уланууда.
Полтава облусунда чабуулдардан бир киши өлдү. Орусиянын армиясы аймакта кампаларды бутага алган.
Украина Херсондо орусиялык армия өрт өчүрүүчүлөрдүн автоунаасын атайлап бутага алып, зыян келтирилгенин билдирди.
Түн ичинде сиреналар Польшанын Люблин шаарында да жаңырды. Бул шаар Украина менен чек арадан 130 чакырым аралыкта жайгашкан. Люблин шаардык бийлигинин өкүлү Марцин Бубич абадан коркунуч тууралуу эскертүү Өкмөттүк коопсуздук борборунун сунушу менен күтүлгөн коркунучка байланыштуу жарыяланганын билдирди. Польшанын армиясы асманга истребителдерди көтөрүп, абадан коргонуу системаларын согуштук даярдык абалына келтиришкен.
Wirtualna Polska (WP) басылмасы Польша өкмөтүндөгү булагына шилтеме берип, өлкөнүн аймагына Орусиянын ракетасы кулаганын жазды.
Орус Коргоо министрлиги 30-июлда жапырт чабуул болгонун ырастап, жердеги, абадагы жана деңиздеги алыстан таамай сокку уруучу куралдар, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттар менен Украинанын Киев, Львов, Ивано-Франковск, Житомир, Ровно, Винница жана Днепропетров облустарындагы аскердик аэродромдорго, аскердик өнөр жай ишканаларына, байланыш жана логистика борборлоруна сокку урулганын маалымдады. Львовдо "Фламинго" жана "Нептун" ракеталарын чыгарган жайларды, Кривой Рогдо дрон чогулткан заводду бутага алганын билдирди.