Азиянын футбол конфедерациясы (AFC) Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) жана Түндүк, Борбордук Америка жана Кариб аралдарынын ассоциациясына (CONCACAF) тилектештигин билдирди.
Муну менен Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) дүйнө чемпионатына болгон укуктун бир бөлүгүн жеке инвесторлорго сатуу планы ишке ашпай калчудай.
29-июлда УЕФА ФИФАнын жетекчиси Жанни Инфантино сөз болгон пландан баш тартпаса дүйнө биринчиликтерин бойкоттоорун эскерткен.
Эртеси CONCACAF дагы ал сунушту четке какты.
Дүйнөлүк федерация инвесторлорду турнирлерди каржылоого тартуу планын бардык улуттук футбол федерацияларына жөнөткөн. ФИФАнын айтымында, муну менен ар бирине 40 млн доллар кошумча акча түшөт.
Планды сындагандар Инфантино өзүн жана жакындарын байытууну, таасирдүү досторуна акча табууга мүмкүнчүлүк берүүнү көздөгөнүн айтышат.
“Дүйнө чемпионатына инвестициялык товар катары карабаш керек. Ал мелдеш бардык континеттердеги оюнчулардын, курамалардын жана күйөрмандардын бир нече мууну негиздеген футболдун чоң байлыктарынын бири. Анын кымындай бөлүгүн жеке инвесторлорго берүүгө болбойт. Дүйнө чемпионаты сатылбайт”, - деп билдирди 30-июлда УЕФА.
Кыргызстан Азиянын футбол конфедерациясына кирет.