Киевде баллистикалык чабуулдан кеминде тогуз киши каза болду

Киев. Орусиянын чабуулунун кесепети.

Киевде 1-августка караган түнү бир нече жарылуу болду. Шаарга Орусиянын баллистикалык ракеталары менен чабуул жасалганы кабарланды.

«Шаарда жарылуулар болуп жатат. Киев баллистикалык чабуулга кабылды. Баш калкалоочу жайларда болуңуздар!» – деп жазды шаар мэри Виталий Кличко.

Киев шаардык аскердик администрациясынын акыркы маалыматына ылайык, Орусиянын чабуулунан кеминде тогуз адам каза болуп, дагы 23 тургун жараат алды. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Буга чейин Кличко жабыркагандардын арасында 13 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр бар экенин билдирген.

Орусиянын аткылоосуна Киевдин беш району кабылды.

Киев облусунда да Орусиянын чабуулунан өнөр жай ишканасында өрт чыгып, эки адам жабыркаганын облустук аскердик администрация билдирди.

Дагы караңыз

ӨКМ Боомдогу "бир нече чакырымдык" тыгын боюнча маалымат бердиАла-Тоо – онлайн таалимдин эл аралык бешиги болууга тийишИспанияга миңдеген мигрант мыйзамсыз кирди"Борбор Азияда мунай заводун куруу керек". Чолпон-Атада эмне сөз болду?