1-августта Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Токтогул көчөсүндө бир нече турак жайды өрт чалган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Чынарбек Шекеновдун маалыматына ылайык, эки үй толугу менен өрттөнүп, беш турак жайдын чатыры күйгөн. Андан тышкары “Мээрим” жеке клиникасы да жабыркаган.
Өрттү өчүрүүгө Манас шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн эки бөлүм тартылган.
Мындан сырткары “Тез жардам” кызматынан бир экипаж, “Тазалык” кызматынан бир суу ташуучу машине жана Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан эки экипаж келген. Жабыркандар бар-жогу тууралуу маалымат жок. Өрттүн чыгуу себептери такталууда. (BTo)