2-августка караган түнү Орусия Украинага каршы 133 дрон менен сокку урду. Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, алардын 109у атып түшүрүлгөн, ал эми 24 дрон 19 жерге тийген.
Харьков шаарында орусиялык дрондордун чабуулунан үч киши жаракат алды. Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, сегиз жаштагы кыз жана 13 жаштагы өспүрүм жабыркаган, ошондой эле 74 жаштагы жаран медициналык жардам алган. Кийинчерээк Синегубов Новобаварск районундагы жеке турак жайдын аймагына дагы бир дрон тийгенин билдирди. Жабыркагандар боюнча маалымат такталууда.
Донецк облусунда, облустук аскердик администрациянын жетекчиси Вадим Филашкиндин айтымында, акыркы сутка ичинде 25 жолу аткылоо катталган. Натыйжада бир нече калктуу конуш зыян тарткан.
Славянск, Краматорск жана Дружковка шаарларын аткылоодо кеминде төрт адам жаракат алган. Дружковкада сегиз жеке турак жайга зыян келип, эки адам каза болгон. Чабуулга кабылган бардык калктуу конуштарда жеке үйлөр жабыркаган.
Покровск шаарына жакын жайгашкан Белозерское шаарында эки көп кабаттуу үй толугу менен талкаланып, дагы бирине зыян келтирилген. Краматорск районундагы Спасско-Михайловка айылындагы жеке үй дагы зыян тарткан. Бул жерде жабыркагандар катталган эмес.
Херсон шаарында орусиялык дрондордун соккуларынан кийин эки аял медициналык жардам сурап кайрылган.
Полтава облусунда орусиялык учкучсуз аппараттар эки өнөр жай ишканасына жана бир маанилүү инфраструктуралык объектиге тийген. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Виталий Дякивнич билдирди. Натыйжада электр энергиясы жана газ менен камсыздоодо убактылуу авариялык өчүрүүлөр болгон.