Москванын Кудринская аянтындагы Balzi Rossi ресторанындагы жарылуудан каза болгондор бешке жетти. Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, жаракат алгандардын ичинен эки киши ооруканада каза тапты жана дагы алтыдан ашык адамдын абалы оор деп бааланууда.
Терроризмге каршы улуттук комитет буга чейин үч киши мерт кеткенин, алар колго жасалган жардыргыч затты алып кирген аял, күзөтчү жана ресторанга келгендердин бири экенин билдирген.
Тергөө комитети “Терроризм” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, жарылуучу зат белек катары кутуга салынып келип, аралыктан жардырылган. Тергөөчүлөр кутуну жеткирген аял анын ичинде эмне болгонун билбеши мүмкүн деген версияны да карап жатышат.
Кол салуу кимге каршы уюштурулганы расмий айтыла элек. Бирок блогер Анатолий Шарий, орусиялык бир катар маалымат каражаттары жана Telegram каналдар Орусиянын Аэрокосмостук күчтөрүнүн башкы командачысы генерал Александр Чайко бутага алынышы мүмкүн деп божомолдошууда. Ал ресторанда туулган күнүн өткөрүп жаткан.
Жарылуудан кийин Balzi Rossi рестораны жабыркагандардын жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. (BTo)
Шерине