Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:24

Украина Wildberries'тин Самарадагы кампасына сокку урду

Новосемейкино кыштагындагы Wildberries маркетплейсинин кампасы. 2-август, 2026-жыл
Новосемейкино кыштагындагы Wildberries маркетплейсинин кампасы. 2-август, 2026-жыл

Украинанын учкучсуз учактары 2-августта Орусиянын Wildberries компаниясынын Самара шаарынын четиндеги Новосемейкино кыштаганда жайгашкан кампасына сокку урду.

Соккудан кийин кампа өрттөнүп жатат.

Чабуул жана өрт болгонун Wildberries компаниясы жана Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев ырастады.

Украиналык Supernova+ жана Еxilenova+ Телеграм каналдары жергиликтүү тургундардын кыштакта кампага соккудан кийин коюу түтүн асманга көтөрүлүп, күйүп жатканы тартылган видео-сүрөттөрдү жарыялады.

Бул июлдун ортосунан бери украиналык дрондордун соккусуна кабылган маркетплейстин тогузунчу кампасы.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG