Украинанын Киев облусунун Бровары районунда украиналык Rozetka маркетплейсинин кампасына сокку урулду. Аталган компания 2-августка караган түнү кампага эки дрон тийгенин, жабыркагандар жок экенин кабарлады.
1-августта да компаниянын кампасына чабуулда бир киши каза таап, жетөө жараат алган.
2-августта Харьковдогу Коротыч кыштагында почта терминалы соккуга кабылды. Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун билдирүүсүндө, жүк ташуучу машинелер, контейнер жана башка жабдыктар күйүп кетти. Жергиликтүү Телеграм каналдар сөз "Новая почтанын" терминалы тууралуу жүрүп жатканын билдиришти. Соккудан бир киши каза болгон.
Орусиянын армиясы 2-августка оогон түнү Украинаны жалпы 133 дрон менен аткылаган. Украинанын армиясы 109 дрон атып түшүрүлгөнүн, 24ү 19 жерге тийгенин маалымдаган.
Ал эми жекшемби күндүз Орусия Запорожьени эки ирет башкарылуучу авиабомба менен аткылады. Запорожье облустук аскердик администрациясынын жетекчиси Иван Федоровдун маалыматына караганда, жер тамга тийген соккуда бир киши каза таап, экөө жараат алды. Шаарда көп кабаттуу турак жайга авиабомба тийип, 30дан ашык киши жараат алды.
Федоров Запорожье аймагында жалпы сегиз авиабомба ташталганын кошумчалады.
Запорожье дээрлик күн сайын Орусиянын авибомбалык соккусуна кабылып келатат.
20-июлдагы беш кабаттуу үйгө чабуулда 11 жаштагы кыз каза болгон. Андан кийинки күнү көп кабаттуу турак жайга сокку урулганда үч кишинин өмүрү кыйылган.