Бишкекте көчөдө ток урган 9 жаштагы Ибрахим Анарбеков Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында каза болду. Бул тууралуу апасы Инстаграмга жазды.
Окуя 26-июлда борбордун 6-кичи районунда болгон. Апасынын сөзүнө караганда, Ибрахим Анарбеков достору менен арыкта суу кечип ойноп жүргөндө ток тартып, эсин жоготкон. Кийин ооруканага жеткирилип, реанимацияга жаткырылган.
Бишкек шаардык мэриясы Айтиев көчөсүндөгү чыңалуу ал жердеги имараттардын бириндеги ички электр системасы бузулгандан улам чыгышы мүмкүн экенин билдирген. Мэрия окуя болгон жерден өткөн электр зымдары “Бишкек жарык” ишканасынын көзөмөлүндө эмес экенин кошумчалады.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы окуя боюнча алдын ала тергөө жүрүп жатканын кабарлаган. (BTo)
Шерине