Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаи учурда Тегеран менен Вашингтон ортосунда сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн билдирди.
3-августтагы жумалык брифингде дипломат Иран менен Омандын делегациялары кездешип жатканын айтты.
Мунун алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы "жапырт соккулар" токтогондон кийин тараптардын сүйлөшүүлөрү 3-августта жанданарын жарыялаган.
Трамптын сөздөрүнө жооп кайтарган Багаи Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи шийилердин ыйык Арбаин иш-чарасына катышуу үчүн Нажафка барарын, “делегациянын калган мүчөлөрү Иранда экенин” кошумчалады.
Ирандагы жогорку расмий булак Рейтер агенттигине билдиргендей, эч кандай сүйлөшүүлөр пландалган жок жана Аракчи кеминде апта соңуна чейин бошобойт.
Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин басма сөз катчысы Хасан Кашкави ушу тапта Кошмо Штаттар менен эч кандай “талкуулар” жүрбөгөнүн билдирди.
ISNA мамлекеттик кабар агенттиги жарыялаган интервьюда Кашкави өкмөт Вашингтон менен сүйлөшпөгөнүн, өзгөчө өзөктүк маселе талкууланбаганын белгиледи.
Анын айтымында, Ислам жумурияты азыр “Конгресс киргизген санкцияларды алууга жана өлкөнүн камактагы активдерин кайтарууга” артыкчылык берет.