Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:21

Москвадагы кол салуунун чоо-жайы белгисиз. Башка булактар эмне дейт?

Москвада ресторандагы жардыруу болгон жерде күч органдарынын кызматкерлери күзөттө турат, 2026-жылдын 1-августу.
Москвада ресторандагы жардыруу болгон жерде күч органдарынын кызматкерлери күзөттө турат, 2026-жылдын 1-августу.

Москванын ресторанындагы жардыруунун чоо-жайы азырынча бүдөмүк. Бийлик аны "теракт" деп атаганы менен беш кишинин өмүрүн кыйган кол салуу кимге каршы багытталганы маалымдала элек. Ал эми орус медиасы, телеграм каналдар ал күнү ресторанда генерал Александр Чайко мааракесин белгилеп жатканын жазышты.

Бирок жардыруунун Украинадагы согушка байланыштырган так белгилер азырынча жок.

Соңку маалыматтарга караганда, орус башкалаасындагы Кудринская аянтындагы жардыруудан 5 киши набыт болду, 20 чактысы жараланды. Орус маалымат каражаттары эки киши ооруканада көз жумганын, дагы алтоонун абалы оор экенин жазды.

Бирок бул тууралуу расмий маалымат жарыяланган жок жана маркумдардын тек-жайы да аталбады.

1-августтун кечинде болгон окуядан кийин Терроризм менен күрөшүү комитети жарылган таңгакты алып келген деп шектелген аял, кайтаруучу жана кардарлардын бири каза тапканын билдирген. Тергөөчүлөр курьер-аял кутуда эмне бар болгонун балким билген эмес, ал алыстан жардырылган деген версияны карап жатышат.

Кол салуу кимге каршы уюштурулганы расмий айтылбаганы менен орусиялык бир катар медиа жана телеграм-каналдар Аба-космос күчтөрүнүн командачысы, генерал-полковник Александр Чайко туулган күнүн майрамдап жатканын белгилешет. Видеолордун биринде ресторандагы дубалда “Александр 55” деген жазууну көрүүгө болот, бирок бул маалымат расмий бышыкталган жок.

Жардыруу болгон ресторан. Москва, 2-август 2026-жыл
Жардыруу болгон ресторан. Москва, 2-август 2026-жыл

Ал эми ВЧК-ОГПУ телеграм каналы каза болгон кайтаруучу балким Федералдык күзөт кызматынын кызматкери болчу деп жазганы менен бул маалымат да расмий органдар тарабынан ырасталган жок.

Balzi Rossi деп аталган италиялык ресторандагы иш чара катуу кайтарылган. Маалыматтарга караганда, жардыруу курьер-аял алып келген кутуну текшерип жатышканда болгон.

Журналисттер адатта бул өңдүү кылмыштан кийин расмий маалымат дароо берилерин белгилешет. Ошол элде маалда орусиялык жогорку даражалуу генералдарга кол салуулар болгондо да бийлик үн катпаганын эске салышат.

Расмий адамдардан Москва шаарынын мэри Сергей Собянин гана билдирүү жасап, кылмыштын артында тургандар аныкталып, жоопко тартыларын айтты.

Элчиликтин айыптоосу, Италиянын жообу

Ал эми Орусиянын Римдеги элчилиги окуя үчүн жоопкерчиликти түз эле “украиналык террорчуларга” жүктөдү жана муну менен орус жергесинде жашап аткан "италиялыктарды коркутууну максат кылган" деген билдирүү жасады. Дипломатиялык миссиянын айтымында, кайтаруучунун аракети менен неаполдук башкы ашпозчу менен ресторандын кызматкерлеринин өмүрү сакталып калды.

Италиянын тышкы иштер министри Антонио Тайяни билдирүүнү “карандай калп” деп сыпаттады.

“Украиналыктар эмне себептен италиялыктарды коркутмак эле? Балким тескерисинче, биз Украинаны колдогондуктан, орусиялыктар италиялыктардын жүрөк үшүн алууну максат кылат?” – деп айтты Тайяни.

«Верстка» басылмасы ресторандын жетекчилигине жакын булакка шилтеме менен жабыркагандардын арасында генералдын кызы, 25 жаштагы Мария да болушу мүмкүн деп кабарлады. Маалыматка караганда, жарадар болгондордун тизмесинде анын күйөөсүнүн фамилиясы бар.

Ушундай жэле маалыматты күч түзүмдөрүнө жакын «112» и Baza телеграм каналдары чыгарды.

Чайко Аба-космос күчтөрүнүн командачысы болуп быйыл майда дайындалган. Орусия Украинага басып киргенде ал Чыгыш аскердик округун жетектечү. Би-Би-Си жана башка маалымат каражаттары жазганына караганда, анын карамагындагы бөлүктөр Бучадагы кыргынга тиешеси бар деп айыпталган.

Орусиялык генералдар менен кремлчил пропагандачыларды бутага алгандар

Окуянын Орусия Украинага каршы жүргүзүп жаткан согушка байланышы жакшылап текшерилчүдөй. Эмне дегенде буга чейин орусиялык бир нече аскер адамдары жана пропагандачыларга кол салуулар болгон.

Жыл башында Аскердик чалгын башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Владимир Алексеев оор жаракат алган.

2024-2025-жылдары Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин кол башчысы Игорь Кириллов, Башкы штабдын оперативдик башкармалыгынын башчысынын орун басары генерал Ярослав Москалик жана Башкы штабдын ыкчам даярдык башкармалыгын жетектеген Фанил Сарваров набыт болгон.

Кирилловдун өлүмү үчүн Өзбекстандын жана Азербайжандын жарандары абакка кесилген. Орусиялык жана айрым өзбекстандык эксперттер ал кылмышка өзбекстандык жарандын айыпталып жатышы суроо жаратарын, ал абакта кыйноо көрүшү "толук ыктымал" экенин белгилешкен.

Генерал Кирилловго үйүнүн жанында кол салуу болгон. Москва, 17-декабрь 2024-жыл
Генерал Кирилловго үйүнүн жанында кол салуу болгон. Москва, 17-декабрь 2024-жыл

Орус бийлиги бул кол салуулар үчүн Киевди айыптаган жана шектүүлөр украин атайын кызматынын тапшырмасы менен аракеттенген деген күнөө таккан.

Украинанын бийлиги Кирилловдун гана өлүмүнө тиешесин моюнуна алган жана калгандарын четке каккан.

Андан тышкары 2022-жылы Москванын жанында улутчул идеолог Александр Дугиндин кызы Дарья Дугина машинасына коюлган бомба жарылганда набыт болгон. Украина анда дагы ар кандай жоромолду четке каккан.

2023-жылдын апрелинде кремлчил блогер Владлен Татарский Санкт-Петербургдагы кафеде болгон жардыруудан мерт кеткен. Москва ошондо да Киевди айыптап, бирок далилдерди келтирген эмес.

Бир айдан кийин улутчул жазуучу Захар Прилепин оор жараат алган, аны менен бараткан киши каза болгон.

Соңку жардыруу Москва жогорку аскерлер менен расмий адамдардын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтүп жаткан, муну менен бирге согуш улунапы жаткан маалда болду.

1-августтагы жардырууга байланыштуу Киев эч кандай билдирүү жасаган жок.

Ал арада Орусиядагы мигранттардын диаспоралары курьерлерди текшерүү күчөтүлүшү мүмкүн деп эскертишүүдө.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG