Сириядагы орус армиясынын операциясын уюштурган, Чеченстандагы согушка катышкан генерал-лейтенант Фанил Сарваров отурган автоунаа Москвадагы машине токтоочу жайлардын биринде жардырылган. Тергөө комитети жардыруучу зат автоунаанын алдына орнотулганын билдирди. «Коммерсант» басылмасынын маалыматына караганда жардыруу үчүн магниттик мина колдонулган.
56 жаштагы генерал Kia Sorento автоунаасынын ичинде айдоочунун ордунда отурган. РБКнын жазышынча, ал автоунаанын ичинде кысылып калган, кийин оор абалда ооруканага жеткирилген. Сарваров алган жарааттарынан өзүнө келбей көз жумган.
Орусиялык Shot жана Baza Телеграм-каналдары жардыруудан үйдүн жанында токтоп турган Kia Sorento үлгүсүндөгү машина жабыркаганын жазышкан.
Орусиянын Тергөө кызматынын маалыматында "22-декабрда эртең менен Ясеневая көчөсүндө машинанын алдына коюлган зат жардырылган. Алган жараатынын улам Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын ыкчам даярдык башкармалыгынын жетекчиси генерал-лейтенант Фанил Сарваров набыт болду. Тергөө адам өлтүрүүнүн ар кандай жоромолдорун карап жатат. Алардын бири украиналык атайын кызмат уюштурган кылмышка байланыштуу" - деп жазылган.
Расмий Киев орус генералынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу кандайдыр бир комментарий бере элек.
Сарваров Эрдик ордени, Суворов медалы, биринчи жана экинчи даражадагы "Ата Мекен алдындагы сиңирген эмгеги үчүн" ордени менен сыйланган. 1990-жылы Казандагы жогорку аскердик окуу жайын, кийин Малиновский атындагы жогорку аскер командирлерин даярдаган академияны жана Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер академиясын аяктаган.
Бул Москва Украинага каршы согуш ачкандан бери жогорку даражалуу аскер кызматкерлерине жасалган алгачкы кол салуу эмес.
Ушул жылдын апрель айында Москвада Башкы штабдын оперативдик башкармалыгынын башчысынын орун басары, генерал-лейтенант Ярослав Москалик дагы машинадагы жардыруудан мерт болгон. Көп өтпөй бул кылмышка шектүү кармалган. Федералдык коопсуздук кызматы Украинанын атайын кызматынын өкүлдөрү ага "жашыруун жерде жардыруучу заттарды даярдап бергенин" билдирген.
Былтыр декабрда Москвадагы Рязань проспектисиндеги машинадагы жардыруудан Орусиянын Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо күчтөрүнүн башчысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов жана анын жардамчысы набыт болгон.
Тергөөнүн версиясына ылайык, жардыруу артында Украинанын атайын кызматтары турганы айтылган. Анын алдында 16-декабрда Украинанын Коопсуздук кызматы Кирилловду сыртынан шектүү деп жарыялаган. Мекеменин маалыматында ал украиналык аскерлерге каршы "химиялык куралдын колдонулушу үчүн жоопкер экени" жазылган.
Шерине