Киев аймагы 28 ракета жана 115 дрон менен аткыланды

Киев. Орусиянын чабуулунан кийинки өрт. Архив сүрөт.

Украин бийлигинин расмий маалыматына караганда, Киев шаарына жана Киев облусуна жасалган 5-августтагы Орусиянын жапырт ракета-дрон чабуулунан кеминде 17 адам каза болуп, 44 адам жараат алды.

Украин президенти Владимир Зеленский билдиргендей, бул түнү орус аскерлери сокку үчүн 24 баллистикалык ракета, канаттуу Zircon/Onix ракеталарынан төрттү, ошондой эле 115 учкучсуз учуучу аппарат колдонду. Айрым дрондор реактивдүү экени маалым болду.

Негизинен бутага жарандык ишканалардын кампалары, инфраструктуралык объекттер жана темир жол станциясы алынганы айтылды.

Зеленский өнөктөш өлкөлөргө кайрылып, баллистикалык ракеталарды атып түшүрүүгө жөндөмдүү каражаттар көбүрөөк керек болуп жатканын, мындай куралдын жетишсиздиги адам өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатканын айтты.

Дагы караңыз

Гемодиализ кызматын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча иш козголдуТИМ Түндүк Кипрде бычакталган кыргыз жараны боюнча комментарий бердиКипрде Кыргызстандын жараны бычак жеп, оор абалда ооруканага түштү "Кыргызстанды көп жазам". Тажик акыны 33 жылдан кийин мекенине кайтты