Кипрдин борбору Никосия шаарындагы Metropol Market дүкөнүндө 22 жаштагы Жанерке Абдразаковага кол салуу болуп, ал бычак жеди.
Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, жараат алган кыз Казакстанда туулган, азыр Кыргызстандын жараны.
Ал 3-августта Ташкынкөй районундагы дүкөндө кол салууга кабылган. Кипр полициясы билдиргендей, шектүү өзүнө да бычак сайган.
Экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыздын абалы оор экени кабарланды. Кипрдин маалымат каражаттары шектүү Түркмөнстандын жараны болушу мүмкүн экенин жазышты. Кол салуунун себеби белгисиз.
Кипр полициясы бул окуяны адам өмүрүнө кол салуу катары иликтеп жатат. Окуянын башка жагдайлары такталууда.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат бере элек.
Шерине