Тажикстан, Кытай жана Пакистан менен чектеш Бадахшанда акыркы бир нече жумада кол салуулар болду. Эксперттердин айтымында, талибдерге каршы болгон согушкерлер этностор аралык чыңалууну, жаратылыш ресурстарынын үстүнөн көзөмөл орнотуунун айланасындагы чыр-чатактарды жана жергиликтүүлөрдүн "Талибанга" каршы маанайын өз кызыкчылыгында пайдаланып жатышат.
"Кол салуулар Бадахшан үчүн ири жана туруктуу маселе болуп калышы ажеп эмес. Азырынча талибдердин бийлигине өлкө масштабында коркунуч жаралып же провинция алардын колунан чыгып калышы мүмкүн деген ишраттар жок", - деп айтат Бадахшандагы америкалык аскерлердин мурдагы кеңешчиси Тед Каллахан.
Туш-туштагы текшерүү пункттары
28-июлда талибдердин жергиликтүү бийлигинде маалымат жана маданият башкармалыгын жетектеген Забихулла Амири Бадахшанга кеткен кан жолдо ок жеп каза тапканын кыймылдын өкүлдөрү билдирген. Маалымат боюнча аны мотоцикл менен бараткан эки киши атып өлтүргөн.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Талибандын” башкаруусуна чоң коркунуч жаратып келаткан “Ислам мамлекети-Хорасан” экстремисттик уюму өзүнө алды.
17-июлда Sipahiyan-e Mihan деп аталган оппозициялык жаңы топ провинциянын Яфтал-и Пайин атуу районун кыска убакытка басып алган. Топту болжол менен ооган армиясынын мурдагы офицери Каюм Маланг жетектейт.
Оппозициялык дагы эки уюм – Улуттук каршылык фронту жана Ооганстандын эркиндик фронту да соңку айларда сөз болгон райондо жана Дараеймде чабуул койгонун айтып келишет.
Жооп иретинде “Талибан” кыймылы кошумча коопсуздук чараларын киргизди жана бир нече киши камалды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын бири айтып берди.
“Яфталга пушту тилинде сүйлөгөн боордоштор келип, бул жерде көптөн бери жашаган талибдерди башка чөлкөмдөргө көчүрүп жатышат”, - деген коопсуздук маселесинен улам атын атабаган киши “Азади” радиосунун кабарчысына.
Басымдуу бөлүгүн пуштундар түзгөн топ Кабулдагы бийликти 2021-жылдын августунда басып алган. Алар буга чейин өлкөнү 1996-жылдан АКШ баштаган коалиция Ооганстанга кирип барган 2001-жылдын декабрына чейин башкарган.
Кайтып келгенден кийин талибдер бийликти өз колуна алып, башка диний жана этностук топтор менен саясий фракцияларды башкаруудан сүрүп чыгарган.
Бадахшанды негизинен тажик улутундагылар байрылайт. "Талибандын" аймактагы бир топ командачысы тажиктер болчу. Эми мындай көрүнүш өзгөрүп жаткандай.
“Кадам сайын коопсуздук пункттары орнотулган. Талибдер элдин чөнтөк телефондорун текшерүүдө. Түнкү кайгуул киргизилди. Эч кандай себепсиз эле үйлөрдү тинтишүүдө”, - деп улантат жергиликтүү тургундардын бири.
Табигый ресурстарды көзөмөлдөө талашы
Бадахшан алтын, күмүш жана жарым-жартылай баалуу таштар сыяктуу жаратылыш ресурстарына бай.
Минералдарды казуу иши акыркы жылдарда кызыды. Акчага муктаж жана дүйнө коомчулугу тарабынан таанылбаган "Талибан" кендерден түшкөн кирешени өзү гана көзөмөлдөгүсү келет. Мындай план жергиликтүүлөр арасында нааразылыкка жана талиб кол башчылары ортосундагы тирешке жем таштады.
2022-жылы “Талибан” кыймылы апийим өндүрүүгө тыюу салганы да колунда жок дыйкандардын нааразылыгын күчөткөн. Өлкөдөгү көпчүлүк дыйкандар апийимдин эсебинен жан сактачу.
2024-жылы маңзаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тыюу салынгандан кийин Бадахшанда каршылык акциялары тутанган. Митингдер күч менен, ырайымсыз басылганда бир нече киши окко учкан, ондогон жершиликтүү жашоочу камакка алынган.
Талибдер бийликке кайтып келгенден бери Ооганстан калкынын 15 пайыздайын түзгөн шийи азчылыгын обочодо калтырып келатат. Исмаилит-шийилердин көбү Бадахшанда жашайт.
“Апийимди жок кылуу, алтын жана асыл таштардын кендерин талашуу, исмаилит жамаатын чектөө жана кыймылдын ичинде тажиктер менен пуштундар ортосундагы ырксыздык эл арасында нааразылыкты пайда кылып, мындай абалдан оппозициялык уюмдар пайда табууда”, - деп жыйынтыктайт Каллахан.
Токтобогон козголоң
Бир катар майда куралчан топтор талибдерге каршы козголуп, чар-тарапта туш келди чабуулдарды жана кыймылдын расмий өкүлдөрүнө кол салууларды уюштуруп келатат. Козголоңдун масштабы анча кеңири эмес.
Эксперттердин айтымында, ал топтор элди өз катарына жапырт жалдоого, курал-жарак менен камсыз болууга, бир нече фронтту бириктирүү же басып алган аймакты башкаруу жөндөмүн көрсөтө элек. Алар талибдердин мүчөлөрүнүн саны, транспорт, чалгындоо жана оор курал жагынан артыкчылыгы бар деп белгилешет.
“Андыктан козголоң уланып, талибдер ага туруштук берет”, - деген оюн айтат Каллахен.
Лондондо жайгашкан оогандык талдоочу Сами Юсуфзайдын пикиринде, “талибдерге каршы топтордун чөлкөмдөрдү басып алып, ал жерлерди колунан чыгарбоого чамасы жетпейт”.
Бирок ал белгилегендей, Бадахшандагы кол салуулардын көбөйүшү "Талибандын" “жеңилгис күч” деген аброюна көлөкө түшүрдү.
Макаланын англис тилиндеги оригиналын ушул шилтемеде тапса болот.
Шерине