Раха акыркы мезгилде эмнелерди сезип жатканын сүрөттөп берүү үчүн сөз таппай калды.
Тегеранда интернет кыска убакытка берилген маалда ал Фарда радиосу менен маектеше алды. Бардыгы жайында деп айтса, калп болуп калат, бардыгы жаман деп айтса, анда багынып бергендей болот.
Согуш тутанып, өлкөнүн жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи Израил менен АКШнын операциясында өлтүрүлгөндөн кийин мындан ары эмне болот деген суроо Раханы түйшөлтүп, бушайман кылып турат.
БУУнун баяндамаларында айтылгандай, Хаменеинин тушунда Ирандын диний жана саясий жетекчилиги 35 жылдан ашуун убакыттан бери кыз-келиндерди хижаб кийүүгө милдеттендирип, дискриминация кылып келишти, өкмөткө нааразы болгон демонстранттар катаал, ырайымсыз мамилеге, кыйноолорго кабылган.
“Хаменинин өлүмү мени же кубандырган же капа кылган жок. Кабарды окугандан кийин бир эле ой келди: ал өлдү жана өзүнүн тилегенин ишке ашырды, бирок биздин кыялыбызды талкалады, бул үчүн жоопко тартылбай кетти”, - деп бөлүштү коопсуздуктан улам аты өзгөртүлгөн Раха.
Акыркы бир нече айда 93 миллион калкы бар өлкө көп нерселерди башынан кечирди: аскердик чабуулдар, жооп иретиндеги соккулар, ири толкундоолор, бийликтин болуп көрбөгөндөй зомбулугу, бир нече миң демонстранттын өлүмү.
Раха өзгөрүүлөрдү талап кылган кишилердин катарында көчөгө чыккан. Ал кээ бир жерлерде эркектерге караганда аялдар көп болгонун байкаган.
Кыз-келиндер 2022-жылы Махса Амини аттуу 22 жаштагы студент хижаб кийүү мыйзамын бузганы үчүн кармалып, абакта көз жумгандан кийин тутанган нааразылык акцияларынын башында турган.
“Аял, жашоо, эркиндик” деген кыймыл дал ошондо пайда болгон. Чачтарын кесип, жылаңбаш чыккан кыздарды демонстрациялар маалында камашкан, канчалаганы өмүр менен кош айтышты.
Раханын көз карашында, бүгүн коом өзгөрдү, жадакалса консерваторлордун таянычы болуп келген конуштарда да хижабсыз жүргөн кыз-келиндер көбөйдү:
“Сыртка жылаңбаш чыкканда эч ким сага көңүл бурбаганын, токтотууга аракеттенбегенин байкаганда, сен жалгыз болбогонуңду түшүнөсүң, бул маанилүү”.
Раха үчүн милдеттүү хижаб Ислам жумуриятынынын элди көзөмөлдөөнүн күчтүү символдорунун бирине айланган.
"Тиешелүү мыйзамдар кала бергени менен бийлик эл арасындагы аброюнан кол жууп баратат", - деп эсептейт Раха.
“Иран жөнүндө канча окусаңар да, ал жакта жашоо, абасы менен дем алуу таптакыр башка нерсе”.
Белгисиздик жана коркуу сезими сиңип калган абанын шартында аялдар туруштук берип келатат.
Жаңжалдар жана саясий кризистер өкүм сүргөн шартта аялдар барган сайын биринчи катарга чыгып жатышат: демонстрацияларга катышат, жашыруун мектептерде окутушат, армиянын катарына кошулат жана бийликтерге каршылыгын билдиришет.
“Бир күнү кыздар кайрадан билим ала алат деген үмүттү үзбөш керек”
Кыз-келиндердин укуктарын тебелеген, кемсинткен Ооганстандай өлкө дүйнөдө жок болсо керек. 2021-жылы талибдер бийликке кайтып келгенден кийин кыздар адегенде ортоңку жана жогорку билим алуу укугунан ажырап калды, кийин иштөөгө тыюу салынып, эми бети-башын чүмкөп жүрүүгө аргасыз болушту.
Аялдарды басынткан, чектеген шартта Фаришта кыздарды жашыруун окуутууну чечкен. Ал университеттин биринчи курсунда окуп жатканда “Талибан” кыймылы бийликти кайрадан басып алган.
Ошондон кийин Фаришта талибдерден жашынып, кыздарга билим берүү программасын баштоону чечкен:
“Мен кыздар үмүтүн үзбөсүн, балким бир күнү бардыгы өзгөрөт жана мектептер кайра ачылат деп ойлогом”.
Ооганстандагы кыздар 6-класска чейин эле окуй алышат. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча 2,2 миллион кыз-келин андан кийин билим алуу укугунан ажыратылган.
Ошол кыз-келиндин бир нечеси Фариштанын окуучулары. Сабактар ошол кыздарга гана эмес, жаш мугалимдин өзүнө да жардам берет:
“Мен убакытты кыздарды окутуу менен өткөрөм. Бир күнү мектептердин эшиги аялзат үчүн кайра ачылганда, балким, билим алуусун улантышат деген үмүт артам”.
Жашыруун мектепте кыз-келиндер математиканы, англис тилин жана башка сабактарды окушат. Талибдер окуу жайды таап алса, Фаришта аны жабууга аргасыз болору анык. Аны кыздары 6-класстан кийин окуусун улантсын деп самаган жергиликтүү жашоочулар колдошот. Өспүрүмдөрдүн кээ бирлерин мектепке барбай калгандан кийин бекер отурбасын деп күйөөгө беришкен. Окуучуларынын бири азыр кош бойлуу болгону менен сабактардан калбайт.
“Ал окугусу, келечекте кесипке үйрөнгүсү келет. Алты жыл гана окуган кыз келечекте ким болуп иштемек эле? Мен алардын үмүтү өчпөсүн деп тилейм. Бүгүн ушундай кейиштүү абалда жашасак да, эртең бардыгы өзгөрүшү мүмкүн. Убакытты текке кетирбей, жаркын келечекке үмүт арталы”.
Өткөн жылы сентябрда “Талибан” аялдар жазган китептер менен университеттерде окутууга тыюу салды.
“Фаришта мектептерди жаап салуу кыздардын билим алууга умтулуусун токтото албайт”, - деп улантат. Бирок болочокто өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо турган дарыгерлерди, инженерлер менен башка кесип ээлерин окутуу үчүн расмий билим берүү зарыл.
Биринчи курсту эле аяктаган кечээги студент Фаришта ошентип мугалим болуп калса, кыйын абалда үч уктаса түшүнө кирбеген кесипти аркалаган аялдар да жок эмес.
Согуш башталганда армияга кеткен жазуучу Катерина
Орусия 2022-жылы Украинага кол сала электе төрт баланын энеси Катерина Зарембо изилдөөчү, жазуучу болчу. Согуш башталганда өлкөдөн чыгып кетип, кийин парамедик кесибине үйрөнүп кайтып келди. Ушу тушта ал украин куралдуу күчтөрүнүн катарында согуш талаасында өмүрлөрдү куткарып жүрөт.
“Башынан эле менин ордум согуш талаасында деп ойлоп жүрдүм. Уруш тутанганда кичүү кызым кичинекей болчу. Ал бир аз чоңойгондо ошол сезим күчөдү. Башка аялдардан үлгү алып жаттым. Эң башкысы башка жол жок деп чечтим”.
Катеринанын күйөөсү да армияны колдоп жүрөт. Бир топ кооптонуулар менен суроолордон кийин жубайлар “башка жол жок” деген бүтүмгө келди.
Улуу балдарына бул тандоону кабыл алуу кыйын болду:
“Менин кадамымды убакыт өтсө түшүнүшөт деп ойлойм. Биз балдарыбызды сөз менен эмес, кылган иштерибиз менен тарбиялайбыз. Алар мени бир күнү түшүнүшөт деп ишенем”.
Ослодогу Тынчтыкты изилдөө институтунун докладына ылайык, өткөн жылы дйүнө жүзүндө 676 миллиондой аял куралдуу жаңжалдарга 50 километр жакын аймактарда жашачу.
Украинада согуш башталгандан бери көптөгөн кыз-келиндер гуманитардык жардам берүү, аялдардын укуктарын коргоо, балдарды депортациялоого каршы күрөш менен алектенип же армиянын катарына кошулган. Былтыркы маалыматка таянсак, 70 миң аял куралдуу күчтөрдө кызмат өтөп жатат.
Катерина жай турмуш маалында китеп жазчу. Учурда ал изилдөөчүлүккө же жазуучулукка кайтууну элестете албайт.
Ал азыр майдандагы жер төлөөдө отуруп алып онлайн медициналык билим алып жатат. Украина согушту жеңгенде армияда калгысы келбесин, бирок буга чейинки кесибин улантууга да кызыкпасын айтат.
“Себеби адамдын өмүрүн сактап калуу же жардам берүү – бул мени алдыга жетелеген милдетим. Балким тез жардамда иштейм. “Согуштан кайтып баруу” деген сөздү укканда урушту ушунча жыл башынан кечирген биздин муун “өзүн жоготуп койгон” деген ой кетет. Бул мааниден алып караганда биз согуштан толугу менен эч качан кайтып келбейбиз”.
Шерине