Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүп жатат

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары.

Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Ага катышуу үчүн Кыргызстанга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жетекчиси Бакытжан Сагинтаев келди.

6-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өтүп, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ортосунда товар жүгүртүүнү тездетүү боюнча бардык макулдашууларды ишке ашыруу маанилүү экенин айтты.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында 15тен ашык маанилүү маселени кароо күн тартибине киргизилген. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиядан августтун аягына чейин 100 миң тонна күйүүчү май алынып келетУКМК экс-депутат Конгантиев мамлекетке баасы 15 млн долларлык мүлктү өткөрүп бергенин билдирдиТокмокто аялын, балдарын сабаган деген шек менен кармалган адам эки айга камалдыОрусияда бийлик сапаты төмөн бензинди сатууга уруксат берди Балаклеяда Орусиянын чабуулунан үч киши каза тапты, Сумыда ондон ашууну жараат алды