Трамп АКШда төрөлгөндө берилүүчү жарандыкты чектөө боюнча эки жарлыкка кол койду

Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп төрөлгөн жерине жараша америкалык жарандык берүүнү чектөөгө багытталган эки аткаруу жарлыгына кол койду. Бул тууралуу Ак үйдүн сайтында маалымдалды.

Документтердин бири АКШда төрөлгөнү менен туулгандыгы боюнча жарандык алууга укугу жок чет өлкөлүк жарандардын балдарынын категорияларын аныктайт. Алардын арасында:
-элчилердин жана элчиликтин кызматкерлеринин, чет өлкөлүк өкмөттөрдүн же эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн балдары;
-баланын туулгандыгы боюнча жарандык алуусу үчүн ата-энесинин бири коммерциялык же алдамчылык бүтүмгө катышкан болсо;
-баланын ата-энеси же ата-энесинин бири АКШдагы төрөт үчүн карын эне менен коммерциялык келишимге катышкан болсо;
-АКШнын аймагында же аймактык сууларында төрөлгөн, бирок федералдык мыйзам боюнча жарандык берилбеген бала;
-баланын ата-энесинин бири “чет өлкөлүк душман” (alien enemy), анын ичинде террордук уюмдун мүчөсү болсо.

АКШнын мамлекеттик катчысына, башкы прокуроруна жана башка тиешелүү кызмат адамдарына өз мекемелериндеги жоболорду жана саясатты бул жарлыктарга ылайыкташтыруу тапшырылды. Алар президенттин жарлыктарын ишке ашыруу боюнча нускамаларды жана башка документтерди 30 күндүн ичинде даярдашы керек.

Июнь айынын аягында АКШнын Жогорку соту Трамптын өлкөдө төрөлгөндөргө жарандык берүү укугун чектөө демилгесин алты судьянын үчөөнө каршы добушу менен четке каккан. Соттун чечиминде: “Америка Кошмо Штаттарында төрөлгөн же натурализациядан өткөн жана анын юрисдикциясына кирген бардык адамдар АКШнын жана алар жашаган штаттын жарандары болуп саналат”, — деп айтылган.

Трамп биринчи жарлыгына инаугурациясынан бир нече саат өткөндөн кийин кол койгон. Ал Жогорку соттун чечимин “өлкө үчүн өкүнүчтүү” деп атаган. Ошондой эле бул маселени Конгрессте президенттин колдоосу менен тиешелүү мыйзам кабыл алуу аркылуу “оңой эле чечүүгө болот” деп билдирген.

Юрист Игорь Слабых жаңы жарлык “сөзсүз түрдө сотто талашка түшөрүн” билдирди. Анын айтымында, президенттин мындай кадамга эмне үчүн барганы тууралуу суроого эки себеп болушу мүмкүн. Биринчиден, Трамп өз чечимин ишке ашырууга аракет кылып, каршылыкка карабай кайра-кайра жарлыктарды чыгарып жатат. Экинчиден, Жогорку соттогу чечим аз гана айырма менен кабыл алынгандыктан президент формулировканы өзгөртүү аркылуу көпчүлүктү түзгөн судьялардын айрымдары өз позициясын өзгөртөт деп үмүттөнүп жаткан болушу мүмкүн.

Дагы караңыз

Иштерман мигранттардын коомдогу орду кандай?"Согушка кеткенин билген эмеспиз". Украинада эки кыргызстандык окко учту Президент Жапаров блогерлерди салыктан бошоткон мыйзамга кол койдуСариев Wildberries'тин кампаларын Кыргызстанга жайгаштырууну сунуш кылды