Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Президент Жапаров блогерлерди салыктан бошоткон мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров. Архив.
Садыр Жапаров. Архив.

Мамлекеттик салык кызматы президент Садыр Жапаров 6-августта “Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгонун билдирди. Документ президенттин салыкка байланыштуу буга чейин чыгарган жарлыгын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган.

Ага ылайык, Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, IT чөйрөсүндө иштегендер, жасалма интеллектти, тиркемелерди иштеп чыккандар, блогерлер, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендер, стартаперлер, кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендер беш жылга салык төлөөдөн бошотулат.

Коомдук тамактануу кызматтарын көрсөткөндөр Бишкек жана Ош шаарларында 5%, калган аймактарда 3% салык төлөйт. Сауна жана мончо иштеткендерге салык 5% деп белгиленди. Бул ченемдер 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Алтын жана күмүш боюнча тоо кендерин казган жана кайра иштеткен ишканалардын кирешелерине салыктын ставкасы эл аралык товардык биржалардагы бааларды эске алуу менен жогорулатылды.

Блогерлерди салыктан бошотуу чечими коомдо сын-пикирге кабылып, мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов ага түшүндүрмө берген. Ал салык мыйзамына киргизилген өзгөртүү келечектеги контент жаратуучуларды колдоо максатын көздөй турганын айткан.

Мамлекеттик салык кызматы бул Кыргызстандын IT, жасалма интеллект жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүп, дүйнөнүн ар тарабынан таланттуу адистерди, инновациялык компанияларды жана инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк берерин кабарлаган. (BTo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG