Кемпир-Абаддын жээгинен белгисиз адамдын башы жок сөөгү табылды

Кемпир-Абад суу сактагычы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Өзгөн районунда, Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинен белгисиз адамдын башы жок сөөгү табылды. Облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) билдиргендей, бул тууралуу маалымат жергиликтүү милицияга 7-августта түшкөн.

Милициянын ыкчам-тергөө тобу сөөк табылган жерге барып иликтөө жүргүзүп жатканда маркумдун башы 600 метрдей аралыктан табылган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында күбөлөр суралып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда маркумдун тек-жайын аныктоо жана анын өлүмүнүн себептерин иликтөөчү ыкчам-издөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Дагы караңыз

Трамп АКШда төрөлгөндө берилүүчү жарандыкты чектөө боюнча эки жарлыкка кол койдуАКШ Сенатында Орусияга каршы санкциялар тууралуу мыйзам кабыл алынды"АКШ Иран-Орусия-Кытай-Түндүк Корея кызматташтыгын көз жаздымда калтырууда"Кыргызстан кремацияга расмий тыюу салды. Өлкөдө көрүстөн жетиштүүбү?Улуттук тарых музейинин эки кабаты "Кытайга берилгени" тууралуу маалымат төгүндөлдү