Кыргызстандын Бишкектеги Улуттук тарых музейинин 4–5-кабаттары Кытай тарапка берилгени тууралуу тараган маалымат чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 8-августта билдирди.
Маалыматта музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилбегени белгиленди.
Быйыл 15-августтан 15-ноябрга чейин музейде "Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү" аттуу убактылуу эл аралык көргөзмө өтөрү маалымдалды:
"Көргөзмө Кыргызстандын Улуттук тарых музейи менен Тяньцзинь музейинин жана Ички Монголия автономиялуу районундагы музейлердин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдардын алкагында уюштурулууда. Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун Кыргызстанда өтө турган саммитине карата өткөрүлөт. Көргөзмө музейдин туруктуу экспозициялык залдарында эмес, эл аралык жана убактылуу көргөзмөлөр үчүн каралган бош аянттарда өтөт. Ошондуктан музейдин туруктуу экспозициялары кадимки тартипте иштей берет”.
Ошондой эле министрлик эл аралык көргөзмөлөр музей аралык маданий кызматташтыктын кеңири тараган практикасы экенин белгиледи. 2025-жылы Бээжин шаарындагы Кытайдын Улуттук музейинде Кыргызстандын Улуттук тарых музейинин көчмө көргөзмөсү уюштурулган.
Министрлик Бишкекте өтө турган кытай көргөзмөсү музейдин макамын, укуктук статусун же таандыктыгын өзгөртпөй турганын белгилеп, жарандарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматты расмий булактардан гана алууга жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.
Быйыл Улуттук тарых музейинде АКШ, Швейцария, Түркия жана Венгрия менен биргелешкен бир катар эл аралык көргөзмөлөр өткөн. Буга чейин Казакстандын Борбордук мамлекеттик музейи жана Орусиянын Л. Н. Толстой мамлекеттик музейи менен да биргелешкен долбоорлор уюштурулганы кабарланды.
Бир катар соцтармактарда Бишкектеги Улуттук тарых музейинин жогорку кабаттары Кытайга берилгени тууралуу маалыматтар тараган.(ZKo)
Шерине