Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Орусияга барган борборазиялык эмгек мигранттарынын саны кыскарууда

Тажикстан. Аэропорт. Иллюстрация.
Тажикстан. Аэропорт. Иллюстрация.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары арасынан Орусияга иш издеп баргандар азаюуда. Быйылкы жылдын биринчи жарымында Өзбекстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан эмгек мигранты катары баргандардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда болжол менен 15% кыскарганын Орусиянын ФСБсынын Чек ара кызматынын статистикасына таянып «Ведомости» гезити жазды.

Маалыматка караганда, жалпысынан быйыл январдан июлга чейин Орусияга жумушка орношуу максатында аталган үч өлкөнүн 1,9 миллионго жакын жараны кирген. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 2,3 миллиондон ашык болгон.

Эң көбү Өзбекстандын жарандары (болжол менен 1,1 миллион). Андан кийинки орунда Тажикстан турат (494 миңге жеткен), ал эми Кыргызстандан баргандар 289 миң болгон.

2024-жылы Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик борборундагы теракттан кийин орус бийлиги чет өлкөлүк жарандарга көзөмөлүн күчөткөн. Аймактарда рейддер уюштурулуп, документ текшерүү көбөйгөн, айрым мигранттар өлкөдөн чыгарылган.

Орусиянын көптөгөн аймактары чет өлкөлүктөрдүн бир катар кесиптер боюнча иштөөсүнө чектөө киргизген. Мигранттарга транспорт, соода, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактарда эмгектенүүгө тыюу салынган, патент баасы да жогорулаган.

Укук коргоочулар ар кандай негизде кармалып, Украинадагы согушка мажбурлап айдалып жаткандар да көбөйгөнүн белгилеп келишет.

Мигранттардын агымынын азайышына дагы бир себеп катары чет өлкөлүк жарандардын балдарына коюлган жаңы талаптар аталууда. 2025-жылдан тартып Орусиянын мектептерине кабыл алуу үчүн мигранттардын балдары орус тилин билерин ырастоого тийиш.

Ошондой эле укук коргоо уюмдары Орусия коомчулугунда ксенофобиялык маанай күчөп жатканын жана Борбор Азиядан барган жарандарга басым көрсөтүү көбөйгөнүн белгилеп жатышат.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG