Украиналык дрондордун Орусиядагы кампаларына жасаган чабуулдарынан улам чыгымга учурап жаткан Wildberries компаниясы узак мөөнөткө сакталуучу товарларынын бир бөлүгүн Өзбекстан, Беларус жана Казакстандагы кампаларга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу The Moscow Times компаниянын сатуучулар менен өткөргөн жолугушууларына катышкан адамдарга шилтеме берип жазды.
Компаниянын өкүлдөрү "узак мөөнөттүү" кампалар эми Беларус, Казакстан жана Өзбекстанда жайгашарын билдиришкен. Маалыматка караганда, товарлардын бир бөлүгү буга чейин эле чет өлкөлөрдөгү кампаларга жөнөтүлө баштаган.
Ишкерлер мындай чечим жеткирүү мөөнөттөрүнүн жана баасынын өсүшүнө, ошондой эле товарларды чек ара аркылуу ташууда кошумча кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн деп кооптонууда. Айрыкча ири соодагерлердин айрымдарынын товар жүгүртүүсү 80 пайызга чейин узак мөөнөткө сактоо кампалары аркылуу жүргүзүлөт.
Wildberries & Russ компаниясы "Коммерсант" басылмасына башка өлкөлөрдөгү логистикалык инфраструктураны пландуу түрдө өнүктүрүп жатканын, бирок негизги логистика Орусияда кала берерин билдирди.
Wildberries Казакстанда буга чейин болжол менен 46 миң чарчы метр кампа аянтын ижарага алган. Компания дагы 260 миң чарчы метр кампа курууну пландап жатат. Аларды 2027-жылдын башында пайдаланууга берүү күтүлүүдө.
Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги Wildberries компаниясынан өлкөдө кошумча кампаларды жайгаштыруу боюнча расмий кайрылуу түшпөгөнүн билдирген. Ал эми министр Арман Шаккалиев Алматы жана Астанадагы ири логистикалык комплекстердин курулушу уланып жатканын, алардын жалпы аянты 260 миң чарчы метрден ашарын айтты. Анын белгилешинче, бул долбоорлор бир нече жыл мурда эле пландалган жана Орусиядагы чабуулдарга байланышы жок.
Өзбекстанда болсо Wildberries 300 миллион доллардан ашык инвестиция менен Борбор Азиялык логистикалык хаб түзүп жатат. Ташкент облусундагы борбордун аянты болжол менен 170 миң чарчы метрди түзөт. Ал Борбор Азиядан товарларды экспорттоонун негизги түйүндөрүнүн бири болушу пландалууда.
Беларуста да Минскке жакын «Великий камень» индустриалдык паркында аянты 140 миң чарчы метр болгон логистикалык борбор курулуп жатат. Ал өлкөдөгү эң ири логистикалык борбор болору айтылды.
Кыргызстан орусиялык Wildberries маркетплейсинин логистикалык кампаларын Кыргызстандын аймагына жайгаштырууну сунуш кылганы 7-августта белгилүү болду.
Wildberries компаниясынын Орусиядагы кампаларына жана бөлүштүрүү борборлоруна дрон чабуулдары 18-июлда башталган. Бир катар объектилерде ири өрт чыгып, айрым кампалардын иши убактылуу токтотулган. Чабуулдардын натыйжасында бир нече кызматкер каза болуп, кеминде 100 адам жабыркаган, ал эми сатуучуларга таандык жүздөгөн миллиард рублдик товарлар күйүп кеткен же зыянга учураган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Wildberries объектилери "Орусиянын армиясын камсыз кылууга тартылганы" - чабуулдардын себеби экенин түшүндүргөн.
Шерине