Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:20

"ЕАЭБдин талаптары сакталбай жатат". Чолпон-Атадагы саммит, Пашиняндын сыны

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин саммити. Чолпон-Ата шаары, Кыргызстан. 7-август, 2026-жыл.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин саммити. Чолпон-Ата шаары, Кыргызстан. 7-август, 2026-жыл.

Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын эки күндүк саммити өттү. Биринчи күнү жабык сүйлөшүү жүрсө, эртеси кеңири форматта уланды. Жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да катышып, ЕАЭБдин талаптары аткарылбай жатканын айтты.

Ал уюмга мүчө өлкө лидерлеринин Арменияга "же Евробиримдикти, же ЕАЭБди эртерээк тандоо" тууралуу буга чейин айткан талабына да учкай жооп кылды.

ЕАЭБдин жыйыны: Кыргыз өкмөтү азык-түлүктүн баасына тынчсызданат
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:44 0:00

Ысык-Көлдө 6-7-августта Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны өтүп, бир канча документтерге кол коюлду. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев азык-түлүктүн баасы өсүп жатканын белгилеп, уюмду буга чогуу чара издөөгө үндөдү:

"Мындай чакырыктардын бири - дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын өсүшү. Азык-түлүк инфляциясы социалдык чыңалуунун булагына айланууда. Бул инфляциянын туруктуу басымын эске алганда өзгөчө актуалдуу. Ушуга байланыштуу, комиссия айыл чарба рынокторундагы кырдаалга активдүү мониторинг жүргүзүүнү улантышы жана мүчө мамлекеттерден алынган маалыматтарды эске алуу менен тартыштык же баалардын жогорулашы күтүлгөн учурларда, бул тармактагы тең салмактуулуктун бузулуу тобокелдиктерин ыкчам жумшартууга мүмкүндүк бере турган чечимдерди кабыл алуу үчүн Биримдиктин органдарына өз убагында сунуштарды киргизип турушу маанилүү деп эсептейм".

Өкмөт башчылардын жолугушуусундагы бир өзгөчөлүк – бул ирет Армениянын атынан премьер-министр Никол Пашиняндын өзүнүн катышканы болду. Ал соңку учурда орус бийлиги менен мамилеси бир кылка болбой, жакында өткөн шайлоодо Кремль Пашинянга каршы иштегендей болгон.

Соцмедиадагы активдүүлүгү, кеңири аудиториясы менен белгилүү армян өкмөт башчысы бул жолу Чолпон-Атага келип, расмий жолугушуулары менен катар бош убактысында велосипед тепкени, Ысык-Көлгө суктанып жатканы, кыргыз рэпери Улукманапонун ырын тыңдап отурганы тууралуу чакан видеолорун чыгарды.

ЕАЭБдин ишмердүүлүгү тууралуу билдирүүлөрүндө Еревандын экономикалык интеграцияга көзү түз экенин айтканы менен уюмдун баштапкы максаттары толук иштебей жатат деп сынга алды. Мисал катары былтыр Армения бажы алымдарынан уюмга 319 миллион доллар төккөнүн, жалпы пайдадан Ереванга бөлүнгөн сумма 175 миллион доллар болгонун белгиледи.

Пашинян соңку учурда ЕАЭБдин ишмердигине сын айтып, тоскоолдуктар уланып жатканы тууралуу маселе көтөрүп келет. Буга удаа эле Армения Евробиримдикке кошулуу ниетин билдирип, европалык интеграцияга аракет көрүүдө. Пашиняндын бул кадамы ЕАЭБ аймагында да талкууга түшүп, нааразы пикирлер айтылган эле.

"Биз Евразия экономикалык биримдигине жана Европа Биримдигине бир эле учурда мүчө болуу мүмкүн эместигин түшүнөбүз. Бирок аталган мыйзамдын кабыл алынышынын өзү эле Армения бүгүн ЕБге мүчө болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ дегенди билдирбейт. Келечекте Армения ЕБге мүчөлүккө толук даяр болгондо да бул биздин өлкө автоматтык түрдө ЕБдин мүчөсү болуп калат дегенди туюнтпайт. Бул үчүн дагы ЕБге мүчө мамлекеттердин макулдугу жана Армения жарандарынын колдоосу зарыл болот. Экинчи жагынан, алдын ала институционалдык даярдык иштерин жүргүзбөстөн бул маселени Армения жарандарынын чечимине алып чыгуу мүмкүн эместиги айдан ачык. Ал тургай андан кийин да Европа Биримдигине кирүү тууралуу расмий арыз менен кайрылуу керек болот. Ал эми андан соң ЕБге кирүүгө талапкер мамлекет статусун алуу зарыл. Саналган этаптардын жок дегенде басымдуу бөлүгүнөн өтпөстөн аталган маселе боюнча референдум өткөрүү маанисиз жана биз жарандарыбыздан учурда жөн гана жок болгон суроого жооп күтүп жатканыбызды билдирет", - деди армян өкмөтүнүн башчысы.

Пашиняндын бул билдирүүсү тегин жерден эмес. Быйыл май айында Астанада ЕАЭБге кирген төрт өлкө лидерлери Арменияга билдирүү жолдоп, же Евробиримдик, же Евразия экономикалык биримдиги менен болууну тезирээк тактоо талабын коюшкан.

Ысык-Көлдөгү өкмөт башчылардын жыйынына Пашиняндан тышкары Беларустун премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин катышты. Байкоочу макамында Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов, Ирандын, Кубанын өкүлдөрү катышып, сөз сүйлөдү.

Кол коюлган документтердин арасында уюм ичинде электрондук соода кылуу, брокерлер, дилерлер жана илимий наамдарды ич ара таануу боюнча макулдашуулар бар.

Орусиянын өкмөт башчысы Мишустин 1-октябрдан тартып Орусияда SPOT же товарды күтүүнү ырастоо системасы кирип жатканын белгиледи.

Бул саммит Орусиядагы Wildberries маркетплейсинин кампалары жапырт чабуулга кабылып, соодагерлер чыгым тартып жаткан учурга туш келди. Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлер да ушул платформа аркылуу көп көлөмдө соода жүргүзүп келген. Эми материалдык чыгымдан тышкары жаңы кире турган талаптар да аларды убайымга салууда.

Өкмөт башчылардын саммитин утурлай Экономика жана коммерция министрлиги Орусиянын тиешелүү мекемелери менен кыргызстандык ишкерлердин жолугушуусун уюштурду.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экономист Элдар Абакиров уюм ичиндеги чектөөлөр улана берсе анын экономикалык мааниси жоголот деген пикирде:

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

“Чынында оор болуп калды. Буга чейин биздин тигүү тармагыбыз оор кризиске кабылды. Бир эмес, эки жолу чек арадан көп товар өтпөй, туруп калган учурлар болду. Айыл чарба азыктарыбыз кайра-кайра кармалып жатат. Казакстандын чек арасынан, Орусиянын чек арасынан. Чындыгында иштебей жатат. Шылтоолор көп. Сертификат туура эмес берилип калган дейт. Андай эмес. Анткени документ бере турган ар бир орган ар бир өлкөнүн көзөмөлүнөн өтөт. Бул жерде башка көйгөйлөр бар окшойт. Саясий эрк жетпей жатабы деген ойдомун. Максат төрт эркиндик болгон. Эми алар болбогондон кийин биримдиктин экономикалык мааниси жоголуп кетип жатат”.

2010-жылы Орусия, Беларус жана Казакстандын катышуусу менен түзүлгөн Бажы биримдиги 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги болуп өзгөрүп, ага Армения жана Кыргызстан кошулган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG