Адистер Кыргызстан бул маселеде орто жолду кармануусу зарылдыгын белгилешет.
Коргоо министрлеринин жыйыны дүйнөдөгү геосаясий кырдаал чыңалып, уюмдун айрым мүчө өлкөлөрүндө согуштук аракеттер жүрүп жаткан шартта өттү. Маселен, Иран АКШ жана Израил менен тиреши уланып, мунаса табыла элек. Тегерандын атынан Бишкектеги кеңешмеге коргоо министринин орун басары Реза Талаи Ник катышты. Мындан тышкары Кытайдын, Орусиянын, Беларустун, Пакистандын жана Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандын коргоо мекемелеринин башчылары да болду.
Аларды президент Садыр Жапаров кабыл алып, уюмдун аймактык коопсуздукту камсыздоодогу ролу жогору экенин айтты.
“Баса белгилеп айткым келет, уюм аймактык коопсуздукту, өнүгүүнү жана көп тараптуу пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылууда мүчө мамлекеттер арасындагы координациялык күчтөнүү жагынан маанилүү платформа бойдон калууда. Бүгүн сиздер келишкен макулдашуулар уюмдагы коргоо кызматташтыгын жана жалпы коопсуздукту бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишенем”.
Президент коргоо тармагындагы аракеттенүүнү күчөтүү жана биргелешкен машыгууларды өткөрүү жана тажрыйба алмашуу маанилүү экенин айтты.
ШКУнун коргоо министрлеринин жыйынында кайсы маселе көтөрүлүп, кандай документтер кабыл алынганы жарыялана элек. Кыргызстандын Коргоо министрлиги кеңешме жыйынтыкталганын, анда өз ара ишенимди бекемдөө жана аскердик чөйрөдө ачыктыкты камсыз кылуу зарылдыгы белгиленгенин маалымдады.
Бул жыйын Жакынкы Чыгыштагы кырдаал чыңалган абалда турганда өтүп, анда Ирандын маселеси ШКУнун аянтчасында талкууланабы деген суроо турган.
Коомдук ишмер Орозбек Молдалиев уюмдун түзүлгөн миссиясына көңүл бурду:
“Иран өзү да өткөн жумада айтты, биз кирген уюмдар жок дегенде караан болуп бере алабы деген маселени койду. Бул туура. Бирок биз бир нерсени эске алышыбыз керек – ШКУ согуштук же аскердик уюм эмес. Коопсуздуктун алдын алган, терроризмдин, экстремизмдин жана сепаратизмдин, наркотрафиктин себептерин жок кыла турган биримдик. Согуштук жагдайда кандай кылабыз деген маселе күн тартибине кире элек болчу. Кыргызстан да колдон келген жардамын көрсөтүп, гуманитардык көмөк жөнөттү”.
Саммитти утурлай, Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Ирандын элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолуккан. Анда Жакынкы Чыгыштагы окуялардын Борбор Азияга таасирин талкуулашкан.
Иран-АКШ маселесинде расмий Бишкек тынчтык диалогун кубаттаган билдирүү тараткан. Мындан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Иранга гуманитардык жардам жеткирген.
Эл аралык мамилелер боюнча адистер геосаясий абал курчуганы Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга көңүл буруу күчөгөнүн айтып келишет. Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул геосаясий конфликттлерди талкуулаганга ШКУнун аянтчасы зарыл экенин белгилеп, Кыргызстандын көп тараптуу саясатты уланта бериши керек дейт.
“Иран боюнча гуманитардык жардам бере алабыз. Бирок саясий жактан көз салып турабыз. Бир тараптуу позицияны толук кармануу кыйын. Анткени Батыш менен мамилелерибиз маанилүү. Евробиримдиктин Кыргызстанга карата санкция киргизүү маселеси да курч турат. Бизге Орусия менен Кытай кошуна жана бир топ уюмдарда болгону үчүн алар Иран маселесинде кандай кадамга барса, биз да ошого ыктайбыз деп ойлойм”.
Шанхай кызматташтык уюмуна быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда. Анын алкагында ушул күндөрү Бишкекте бир катар министрликтердин кеңешмелери өтүүдө. Мамлекет башчылардын саммити август айына пландалган.
ШКУ 2001-жылы Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын лидерлери негиздеген уюм. Ал өз ара ишенимди, саясий, экономикалык, коопсуздук жана маданий кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.
2017-жылы ШКУга Индия менен Пакистан кошулган. 2023-жылы Иран, 2024-жылы Беларус кирген.
Шерине