Чоң-Алайдагы Корумду чокусунда жоголгон үч альпинист 2-августтан бери байланышка чыкпай жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу аталган альпинисттерди издөө тобун башкарып жаткан беларус тоо сүйүүчүсү Александр Смирнов социалдык тармакка жазды.
Анын маалыматы боюнча, 43 жаштагы Максим Полянский жана 60 жаштагы Николай Свиридов аттуу эки беларус жана 37 жаштагы Сергей Рубцов деген литвалык альпинист 1-августта 6613 метрлик Корумду чокусуна чыккан. Алар 2-августта тоодон түшүүгө даярдыгын, 4-августта белгиленген жерде болорун билдирип кабар беришкен. Бирок бул датада белгиленген жерде күткөн айдоочу аларды жолуктура алган эмес.
Смирнов буга чейин альпинисттер акыркы 4-августта байланышкан деген туура эмес маалымат кетип жатканын, бул туура эместигин билдирди.
Ал ошондой эле альпинисттердин тоодогу координаттары да жоктугун, бул издөө иштерин татаалдаштырып жатканын кошумчалаган.
Беларус тоо сүйүүчүсү 11-августта Корумду чокусунда кар жаашы күтүлүп жатканын, мындай кырдаал издөөгө жолтоо болорун жазды.
Дайынсыз болуп жаткан альпинисттер тажрыйбалуу экенин, алар чукул кырдаалда сактануунун жол-жобосун билерин да куткаруу иштерине катышып жаткан Смирнов жазды.
Буга чейин Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дайынсыз кеткен альпинисттерди атайын топ издеп жаткан кабарлаган.