Татарстан: Нижнекамск шаарындагы дрон чабуулунан 10дон ашык киши каза тапты

Нижнекамск, Татарстан. 10-август, 2026-жыл

10-августка караган түнү украиналык дрондор Орусиянын Татарстан республикасынын Нижнекамск шаарындагы өнөр жай аймагына чабуул койду. Жергиликтүү бийлик каза тапкандар бар экенин, "жарандык жана өндүрүш объектилери" аткыланганын билдирген.

Кийинчерээк бийлик чабуулдардан 12 киши каза тапканын, 39у жабыркаганын маалымдады. Бир топ убакыттан кийин өлгөндөр 13кө жетти деген маалымат берди.

Кабарга караганда, дарыгерлерге 75 киши кайрылып, 21и ооруканага жаткырылган. Аймакта аза күтүү жарыяланды.

Каза тапкандардын арасында бала, Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары бар экени кабарланды.

Astra басылмасы дрондор "Нижнекамскнефтехим" заводун бутага алган болушу ыктымалдыгын жазды.

Бул Европадагы эң ири мунайхимиялык комплекстердин бири. Завод СИБУР холдингине кирет. Өнөр жай зонасында мунайды кайра иштеткен эки завод жайгашкан, аларга мурда да дрон чабуулу болгон.

Украиналык мониторинг каналдары сокку мунай заводуна тийгенин боолголоп, өрт тартылган видеолорду жарыялап жатышат.

Дрон чабуулу тууралуу Орусиянын Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь да жазды. Анын айтымында, облустун аймагында 70тен ашуун учкучсуз учак атып түшүрүлгөн.

Дагы караңыз

Корумду чокусунда жоголгон альпинисттер акыркы жолу 2-августта байланышка чыкканМосква менен Дамаск Сириядагы орусиялык базаларды бөлүшүп алды