Орусиянын Украинага соккулары алты өмүрдү кыйды, 20дан ашууну жараат алды

Украина, Запорожье шаары. Орусиянын чабуулдарынан кийинки өрт. 11-август, 2026-жыл

11-августка караган түнү Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын Запорожье шаарына ракета жана башкарылуучу авиабомбалар менен жапырт сокку урду. Бул тууралуу Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров Telegram баракчасында билдирди.

Жергиликтүү бийликтин акыркы маалыматына караганда, чабуулдун кесепетинен алты адам каза болуп, 19у жаракат алды.

Соккулар өнөр жай объектилерине жана инфраструктуралык жайларга тийген. Натыйжада турак үйлөр, ишканалардын имараттары жабыркаган. Шаардын айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы өчүп, бир нече жерде өрт чыккан.

Облус жетекчиси жарыялаган видеодо күйүп жаткан имараттар менен унааларды көрүүгө болот.

Ошол эле учурда Киев шаарында түн ичинде баллистикалык курал коркунучу тууралуу бир нече жолу эскертилип, соңку маалыматка караганда, бир адам жабыркады.

Полтава облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Виталий Дякивнич Полтава районунда Орусияга таандык деп болжолдонгон учкучсуз учуучу аппараттын сыныктары көп кабаттуу үйдүн чатырына кулаганын маалымдады. Анын айтымында, жабыркагандар боюнча маалымат түшкөн эмес.

Бийлик келтирилген чыгымдардын көлөмүн тактоону улантууда.

Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдиргендей, Орусиянын армиясы дубандын беш районун аткылап, үч киши каза тапты, анын бири 15 жаштагы өспүрүм. Дагы беш киши түрдүү жараат алды.

Дагы караңыз

Татарстандагы чабуулда каза тапкандардын арасында борборазиялыктар барКыргызстан менен АКШ визалык төлөм жана санкция маселесин талкууладыКыргызстанда беш айда 600дөн ашуун ымыркай чарчап калдыСауд Арабиясы, Түркия жана Пакистан жаңы аскердик альянс түздү