Дамаск шаарынын соту мурдагы президент Башар Асадды сыртынан өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу Сириянын SANA мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.
Башар Асад, анын иниси Махер Асад (Республикалык гвардиянын мурдагы командири), аталаш агасы Асад Атиф Наджиб (Дераа провинциясындагы саясий коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы) баштаган жети киши адам өлтүрүүлөргө, кыйноолоргө жол бергени, согуштук жана адамзатка каршы кылмыштарды жасаганы үчүн күнөөлүү деп табылды.
Сотто 2025-жылдын январында Сирияда кармалган Атиф Наджиб көрсөтмө берди. Башар жана Махер Асад 2024-жылдын декабрында өлкөдөн качып кеткенден бери Орусияда жашап жатышат.
Айыптоолор 2011-жылы Дераа провинциясында саясий өзгөрүүлөрдү жана эркиндикти талап кылган нааразылык акцияларын катаал ыкмалар менен басууга байланыштуу. Асаддын режими нааразылык акцияларына камакка алуу жана зомбулук менен жооп кайтарып, кийин ал миңдеген адамдардын өмүрүн алган жарандык согушка айланган.
2025-жылы Сириянын бийлиги Башар Асадды камакка алууга ордер берген. Сириянын Юстиция министрлиги ага каршы козголгон иш өлкөнүн мыйзамдуулукка жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган жаңы сот саясатынын символу болушу керектигин белгилеген.
Асад оппозициялык топтор Дамаск шаарына киргенден кийин Москвага качып кеткен. Орусиянын президенти Владимир Путин ага башпаанек берген. The New York Times басылмасынын маалыматында, Асад жана анын үй-бүлөсү өлкөгө жеке учактар менен келген.
Басылма Асад Москванын четиндеги жалаң байлар байырлаган Рублевка районунда орусиялык атайын кызматтардын кайтаруусу астында жашап жатканын, алар анын ары-бери жылуусун көзөмөлдөп, үй-бүлөсүнө ачык билдирүү жасоого тыюу салганын ырастайт.
Reuters агенттиги Сириянын жаңы бийлиги Орусиядан Башар Асадды өткөрүп берүүнү талап кылганын жазган.