Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Корумду чокусунда дайынсыз кеткен альпинисттерди издөө убактылуу токтотулду

Корумду чокусунда дайынсыз кеткен альпинисттер. Александр Смирнов соццтармакка жарыялаган сүрөт.
Корумду чокусунда дайынсыз кеткен альпинисттер. Александр Смирнов соццтармакка жарыялаган сүрөт.

Чоң-Алайдагы Корумду чокусунда жоголгон үч альпинистти издөө иштери катаал аба ырайына байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-августта кабарлады. Маалыматка ылайык, аба ырайы калыбына келери менен издеп-куткаруу иштери уланат. Аба ырайынан улам тоодо дрон учуруу да мүмкүн болбой жатканы, издөө иштери 5600-6000 метр бийиктикте жүргүзүлөрү айтылды.

Мурдараак куткаруучулар альпинисттердин чатырлары тигилген базалык лагерге жеткени кабарланган.

43 жаштагы Максим Полянский жана 60 жаштагы Николай Свиридов аттуу эки беларус жана 37 жаштагы Сергей Рубцов деген литвалык альпинист 1-августта 6613 метрлик Корумду чокусуна чыккан. Алар 2-августта тоодон түшүүгө даярдыгын, 4-августта белгиленген жерде болорун билдирип кабар беришкен. Бирок бул датада белгиленген жерде күткөн айдоочу аларды жолуктура алган эмес.

Кыргызстандын ӨКМи Ички иштер министрлиги менен чогуу жоголгон альпинисттерди издеп жатканы кабарланган. Ошондой эле тажрыйбалуу башка альпинисттерден атайын издеп-куткаруучу топ түзүлгөн. Топту беларустук тоо сүйүүчүсү Александр Смирнов жетектейт. (ZKo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG