Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Орусия: Воронежде Wildberries'тин логистикалык борбору, Орскиде мунай заводу күйүп жатат

Электросталь шаарындагы Wildberries кампасына сокку урулганда тартылган сүрөт.  18-июль, 2026-жыл.
Электросталь шаарындагы Wildberries кампасына сокку урулганда тартылган сүрөт. 18-июль, 2026-жыл.

Учкучсуз учактар Орусиянын Воронеж облусундагы Wildberries логистикалык борборуна жана Оренбург облусундагы "Орскнефтеоргсинтез" мунайды кайра иштетүүчү заводуна чабуул койду.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев абадан коргонуу күчтөрү түндө Воронеж шаарынын жана аймактын беш районунун үстүнөн 15 учкучсуз учакты атып түшүргөнүн билдирди. Новоусман районунда 49 жаштагы киши каза таап, дагы эки адам жараат алды. Жабыркагандардын бири чабуул учурунда көчөдө, экинчиси ири логистикалык борбордун аянтында болгон.

Губернатордун айтымында, "дрондун кулашынын кесепетинен" ири компаниянын эки кампасында өрт тутанган. Бир объектиде 16 миң чарчы метр аянтты каптаган өрт өчүрүлдү, экинчисинде 20 миң чарчы метр аянттагы өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө.

Окуя болгон жерде ыкчам кызматтар иштеп жатат. Мындан тышкары, үч жүк ташуучу жана бир жеңил автоунаа жабыркаган.

Оренбург облусунда украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдарынын маалыматында, Орск шаарындагы "Орскнефтеоргсинтез" мунайды кайра иштетүүчү заводуна чабуул коюлду (шаар Орусия менен Украинанын чек арасынан 1400 чакырым ыраак жайгашкан). Кубаттуулугу жылына 1,6 миллион тоннаны түзгөн гидрокрекинг комплекси жабыркаганы болжолдонууда.

Supernova+ каналы жазгандай, Орск шаарындагы "Механикалык завод" да соккуга кабылган. Желеде жарыяланган видеолордон өрттүн бир канча очогун көрүүгө болот.

Оренбург облусунун губернатору Евгений Солнцев жана Орск шаарынын мэри Артем Воробьев 11-август күнү эртең менен дрон чабуулунун коркунучу бар экенин жарыялады. Оренбург жана Орск шаарларында "Ковер" планы ишке киргизилди. Кийинчерээк Солнцев аймактын үстүнөн сегиз учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн жазды.

"Дрон сыныктарынын чачырашынын кесепетинен өнөр жай ишканаларынын биринде өрт чыкты. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок", - деп билдирди ал.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы "Орскнефтеоргсинтезге" сокку урулганын ырастады.

"Орскнефтеоргсинтез" ААК - Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү ири заводдордун бири. Ишкана бензин, дизел, авиациялык керосин, мазут жана майлоочу майларды чыгарат. Мунайды кайра иштетүү боюнча кубаттуулугу жылына 6,6 миллион тоннаны түзөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород, Брянск, Владимир, Воронеж, Калуга, Курск, Липецк, Оренбург, Орёл, Ростов, Рязань, Тамбов, Тула жана Москва облусунда жана аннексияланган Крымда Украинанын 396 учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Шерине

XS
SM
MD
LG