Кыргызстандын Улуттук банкы 11-августта валюта базарына 196,2 млн доллар чыгарды. Бул быйылкы жылдын эсебинен тогузунчу ирет жасалып жаткан интервенция. Буга чейин 14-июлда башкы тескөөчү банк валюта базарына 186,4 млн доллар чыгарган. Ал эми 29-июнда жыл башынан берки эң ири интервенцияны жасап, 222 млн 500 миң доллар саткан.
Жыл башынан бери жалпысынан 1,699 млрд доллар интервенцияланган.
2025-жылы жалпы сегиз жолу интервенция жүргүзүлүп, 853 млн доллар сатылган.
Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.
Улуттук банктын 11-августтагы көрсөткүчүнө ылайык, 1 АКШ доллары - 87,45 сом, 1 евро -101,1 сом, 1 рубль - 1,06 сом, 1 казак теңгеси - 18 тыйын, 1 кытай юаны - 12,96 сомго бааланууда. (ZKo)
Шерине